Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 3-ноябры № 588
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-мартындагы № 120 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарында жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында адам ресурстарын башкаруунун автоматташтырылган маалыматтык системасы жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу
Мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ортосундагы оперативдүү санариптик өз ара аракеттенүүнү камсыз кылуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-мартындагы № 120 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарында жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында адам ресурстарын башкаруунун автоматташтырылган маалыматтык системасы жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарында жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында адам ресурстарын башкаруунун автоматташтырылган маалыматтык системасы жөнүндө жободо:
- 5-пункт төмөнкүдөй мазмундагы экинчи сүйлөм менен толукталсын: "Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын адам ресурстарын башкаруу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу түзүмдүк бөлүмү ички иштер, улуттук коопсуздук, коргоо органдарын кошпогондо, Кыргыз Республикасынын жеке мүнөздөгү маалымат чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык башка мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматчыларынын жеке маалыматтарына жетүү мүмкүнчүлүгүнө ээ.".
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.У.Жапаров |