Редакцияот 14.04.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖАҢЫ-АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 ТОКТОМ

Жаңы-Алай айылдык кеңешинин VII- чакырылышынын кезексиз 29- сессиясы

 

2023-жылдын 14-апрели № 29/4

«Муздаткыч» жабдуусун Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн балансына алуу жөнүндө

             Кыргыз Республикасынын  жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө мыйзамынын 34-беренесинин 5-пунктуна ылайык жана Жаңы-Алай айылдык кеңешинин  регламентинин 2-главасына ылайык, Жаңы-Алай айылдык кеңеши

токтом кылат:

             1. Кыргыз Республикасынын  жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө мыйзамынын 34-беренесинин 5-пунктуна ылайык жана Жаңы-Алай айылдык кеңешинин  регламентинин 2-главасына ылайык, Ош облустук өнүктүрүү фондунун каржылоосу менен келген 2 980 000 сомдук “Муздаткыч” жабдуусу Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн балансына  алынсын.

             2. 2 980 000 сомдук “Муздаткыч” жабдуусу “Кыргызиндустрия” ААКна Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн үлүшү катары өткөрүлүп берилсин.

              3. Тиешелүү иш кагазадары менен баланска кабыл алуу иштерин жүргүзүү, аны көзөмөлдөө Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Тажибаевге тапшырылсын.

             4. Бул токтомдун аткарылышын бюджет жана социалдык-экономикалык өнүгүү боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Жаны-Алай айылдык

кеңешинин төрагасы :

 

М. Макенов