КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXXII сессиясынын
2023-жылдын 6-сентябры № 1
Административдик-аймактык ирилештирүү тууралуу
Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Исабековдун 05.09.2023-жылдагы №01-19/916 чыгыш сандуу Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 18-октябрындагы “Кыргыз Республикасынын административдик-аймактык түзүлүшүн өркүндөтүү жана региондорду өнүктүрүү боюнча андан аркы чаралар жөнүндө” ПЖ № 350 Жарлыгына ылайык административдик-аймактык реформа тууралуу кайрылуусун карап жана талкуулап Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXXII сессиясы токтом кылат:
1. Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Исабековдун 05.09.2023-жылдагы №01-19/916 чыгыш сандуу кайрылуусу эске алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 18-октябрындагы “Кыргыз Республикасынын административдик-аймактык түзүлүшүн өркүндөтүү жана региондорду өнүктүрүү боюнча андан аркы чаралар жөнүндө” ПЖ № 350 Жарлыгы жана Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 4-апрелдиндеги “Айыл аймактарынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүлүп жаткан Кыргыз Республикасынын региондорундагы айылдык кеңештердин ишин уюштуруу жөнүндө” ПЖ №87 Жарлыктарына ылайык административдик-аймактык реформа боюнча иштелип чыккан Чаткал районундагы 4 айыл өкмөттү бириктирүү менен 2 айыл өкмөтү Каныш-Кыя жана Терек-Сай айыл өкмөттөрү кылып ирилештирүү долбоору Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 25-апрелиндеги № 65 “Кыргыз Республикасынын администрациялык-аймактык түзүлүшү тууралуу” мыйзамына ылайык жүргүзүлсүн.
3. Административдик-аймактык ирилештирүү долбооруна ылайык иш алып баруу жана жергиликтүү тургундарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүү жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
4. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик
укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамына ылайык Чаткал райондук
мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат
сайтына жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
5. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик
укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя
айылдык кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
6. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Исабековго тапшырылсын.
Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин төрагасы |
М.Аликеев |