ЖАҢЫ-АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жаңы-Алай айылдык кеңешинин VII- чакырылышынын кезексиз 30- сессиясы
2023-жылдын 6-июлу № 30/3
Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн Жаңы-Алай айылында жайгашкан 2,0 га кайра бөлүштүрүү фондунун жерин өндүрүшкө которуу жөнүндө
«Жергиликтүү мамлекеттик администрациясы жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-беренесинин жана Жаңы-Алай айыл өкмөтүнун башчысы Н.Тажибаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Жаңы-Алай айылдык кеңеши
токтом кылат:
1. «Жергиликтүү мамлекеттик администрациясы жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-беренесине ылайык, Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн Жаңы-Алай айылында жайгашкан 2,0га кайра бөлүштүрүү фондунун жерин өндүрүшкө которуу сунушу жактырылсын.
2. Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарына ылайык, белгиленген тартипте ишке ашыруу Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Тажибаевге жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл чарба, жерге жайгаштыруу жана агрардык саясат, инвестиция тартуу, ишкердүүлүк уюмдар менен иштөө туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Жаны-Алай айылдык кеңешинин төрагасы : |
М. Макенов |