НАРИМАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Нариман айылдык кеңешинин жетинчи чакырылышынын кезектеги XIX сессиясы
2023-жылдын 28-сентябры № 19/3
Администрациялык аймактык реформа жөнүндө
Кыргыз Республикасынын административдик- аймактык түзүлүшүн өркүндөтүү жана региондорду өнүктүрүү боюнча андан ары чаралар жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 18-октябрындагы №350 сандуу Жарлыгын ишке ашыруу максатында Ош облусунун Кара-Суу районунун Нариман айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ош облусунун Кара-Суу районунун Нариман айыл аймагы “Манас” айыл аймагы деп аталсын.
2. Бул токтомдун бир нускасы Кара-Суу райондук Мамлекеттик администрациясына жөнөтүлсүн.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин мыйзамдуулук , укук тартипти чыңдоо, кеңештин иштери жана депутаттык адеп боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Нариман айылдык кеңешинин төрайымы |
Х. Ш. Артыкова |