Редакцияот 28.09.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

НАРИМАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Нариман айылдык кеңешинин жетинчи чакырылышынын кезектеги XIX сессиясы

2023-жылдын 28-сентябры № 19/5

    Нариман айыл өкмөтүн Ачы массивине даярдалган башкы планга өзгөртүү киргизүү жөнүндө

 

           Нариман айыл өкмөтүнүн Беш-мойнок айылындагы Ачы массивинвн №109 контрунда жайгашкан “Бах-Сервис” жоопкерчилиги чектелген коомуна Кара-Суу райондук Кадастр мамлекеттик департаментинин Кара-Суу райондук филиалы тарабынан 2022-жылдын 26-октябрындагы сериясы Ч № 1170773 болгон идент № 5-04-11-0045-3216 жер участогуна  болгон жеке менчик укугу жөнүндө мамлекеттик актсынын негизинде ээлик кылуучу “Бах-Сервис” жоопкерчилиги чектелген коомунун директору Б.Абдимомуновдун арызынын жана Кара-Суу райондук шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгынын 2023-жылдын 2-октябрындагы №01-4/619 катынын негизинде Нариман айылдык кеңеши

 

     ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.    Нариман айыл өкмөтүнүн Беш-мойнок айылындагы Ачы массивинин №109 контрунда жайгашкан “Бах-Сервис” жоопкерчилиги чектелген коомуна Кара-Суу райондук Кадастр мамлекеттик департаментинин Кара-Суу райондук филиалы тарабынан 2022-жылдын 26-октябрындагы сериясы Ч № 1170773 болгон идент № 5-04-11-0045-3216 мамлекеттик актысы жасалган жер аянты Нариман айыл аймагына таандык “Ачы” массивине даярдалган шифр №4913 болгон башкы планына кошулуп жасалгандыгына байланыштуу башкы планга №109 контрунда жер аянты 3 га болгон бөлүгүнө өзгөртүү киргизилсин. 

2. Ушул токтомдун аткарылышы мамлекетик шаар курулушу жана архитектура долбоорлоо институтунун Оштогу филиалынан суралсын. 

3.   Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин жер жана агрардык маселелер, коммуналдык менчик ,соода байланыш, транспорт жол курулуш, энергетика, капиталдык курулуш иштери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

Нариман айылдык

кеңешинин төрайымы

 

Х. Ш. Артыкова