НАРИМАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Нариман айылдык кеңешинин жетинчи чакырылышынын кезектеги XIX сессиясы
2023-жылдын 28-сентябры № 19/6
Нариман айыл өкмөтүнүн “Ачы” массивинен 200 га жер аянтын айыл чарба багытынан, калктуу конуш багытына өзгөртүү жөнүндө
Нариман айыл аймагынын жарандарын турак жай салуу үчүн жер менен камсыз кылуу максатында Нариман айыл аймагынын Ачы массивинен 200 га жер аянтын айыл чарба багытынан, калктуу конуш багытына өзгөртүп берүү максатында Нариман айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Нариман айыл аймагынын Ачы массивиндеги 200 га жер аянты, айыл чарба багытынан калктуу конуш багытына карап өзгөртүлсүн.
2. Токтомдун аткарылышын Нариман айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Садыковго жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин жер жана агрардык маселелер, коммуналдык менчик, соода байланыш, транспорт жол курулуш, энергетика, капиталдык курулуш иштери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Нариман айылдык кеңешинин төрайымы |
Х. Ш. Артыкова |