Редакцияот 28.09.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

НАРИМАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Нариман айылдык кеңешинин жетинчи чакырылышынын кезектеги XIX сессиясы

2023-жылдын 28-сентябры № 19/7

Нариман айыл  аймагынын жарандарын турак жай менен камсыз кылуу жөнүндө

 

Нариман айыл аймагынын жарандарын турак жай менен камсыз кылуу м аксатында, Нариман айыл өкмөтүнүн 21.09.2023-жылдагы №806 катынын негизинде Нариман айылдык кеңеши

 

 ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.    Нариман айыл аймагынын Каратай айылында жайгашкан №133 контурунан 1,10 га, №143 контурунан 0,40 га,  №137 контурунан 0,90 га,  №136 контурунан 0,30га,  №143 контурунан 0,10 га,  №145 контурунан 0,40 га,  №142 контурунан 1,20 га,  №179 контурунан 8,60 га,  №154 контурунан 4,80 га, №123 контурунан 2,30 га кайрак, жалпы аянты 20,10 га кайрак болгон жерлери айыл чарба багытынан калктуу конуш багытына карай өзгөртүлсүн.

 

2.   Токтомдун аткарылышы Нариман айыл өкмөтүнүн башчысына тапшырылсын.

 

 3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин жер жана агрардык маселелер, коммуналдык менчик ,соода байланыш, транспорт жол курулуш, энергетика, капиталдык курулуш иштери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

Нариман айылдык

кеңешинин төрайымы

 

Х. Ш. Артыкова