Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2022-жылдын 18-июлу ПЖ № 243
Кыргыз Республикасынын жогорку кесиптик билим берүүсүнүн билим берүү уюмдарынын потенциалын жана атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу боюнча чаралар жөнүндө
(КР Президентинин 2024-жылдын 20-мартындагы ПЖ № 80, 2024-жылдын 14-октябрындагы ПЖ № 295, 2025-жылдын 8-апрелиндеги ПЖ № 121, 2025-жылдын 11-сентябрындагы № 256 Жарлыктарынын редакцияларына ылайык)
Кыргыз Республикасынын жогорку кесиптик билим берүүсүнүн мамлекеттик билим берүү уюмдарынын финансылык, материалдык жана интеллектуалдык ресурстарын консолидациялоо, потенциалын жана билим берүү кызматтарын көрсөтүүнүн дүйнөлүк рыногунда атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 66, 71-беренелерин жетекчиликке алып, токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын төмөнкү мамлекеттик жогорку окуу жайларына кеңири уюштуруучулук, финансылык жана академиялык автономияны берүүнү караган өзгөчө статус берилсин:
- Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети;
- И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети;
- К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университети;
- И.К.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясы;
- Ош мамлекеттик университети.
- "Россия Федерациясынын биринчи Президенти Б.Н.Ельцин атындагы Кыргыз-Россия Славян университети" жогорку кесиптик билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү мекемеси;
– (Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 11-сентябрындагы № 256 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту)
- К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университети;
- Бекмамат Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети;
-(Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 11-сентябрындагы № 256 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту)
-(Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 11-сентябрындагы № 256 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту)
- И.Абдраимов атындагы Кыргыз авиациялык институту.
(КР Президентинин 2024-жылдын 20-мартындагы ПЖ № 80., 2024-жылдын 14-октябрындагы ПЖ № 295, 2025-жылдын 8-апрелиндеги ПЖ № 121, 2025-жылдын 11-сентябрындагы № 256 Жарлыктарынын редакцияларына ылайык)
2. Ушул Жарлыктын 1-пунктунда аталган мамлекеттик жогорку окуу жайларына төмөнкүдөй укуктар берилет деп белгиленсин:
- бюджеттен тышкаркы каражаттарды пайдалануу үчүн казыналык системасынан тышкары мамлекеттик катышуу үлүшү бар коммерциялык банктарда банк эсептерин ачууга;
- көзөмөлчүлүк кеңештер менен макулдашуу боюнча башкаруунун ички түзүмүн жана кызматкерлердин штаттык санын өз алдынча аныктоого;
- окуу иштери боюнча проректорлорду дайындоого жана бошотууга;
- ЖОЖдун түзүмдүк бөлүмдөрүнүн статусун жана аталышын, алардын ишин уюштуруу тартибин, ошондой эле аларды башкарууга жана персоналына карата талаптарды өз алдынча аныктоого;
- өз алдынча көзөмөлчүлүк кеңештер менен макулдашуу боюнча эмгек акы төлөөгө жумшалуучу каражаттардын үлүшүн аныктоого, ЖОЖдун кызматкерлеринин бардык категорияларына эмгек акы төлөөнүн, материалдык дем берүүнүн жана материалдык жардам көрсөтүүнүн формаларын жана өлчөмдөрүн белгилөөгө;
- аудиттин эл аралык стандарттарына жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жыл сайын көз карандысыз тышкы же ички (ЖОЖ ичиндеги) аудитордук текшерүүнү кошпогондо, 3 жылдык мөөнөткө текшерүүнүн бардык түрлөрүнөн бошотууга;
- билим берүү, консультациялык, илимий-изилдөө, басма, өндүрүштүк-коммерциялык жана мыйзамдарда тыюу салынбаган башка иштерден каражат түрүндө киреше алууга жана аларды ЖОЖдун ишин жакшыртууга жана материалдык-техникалык базасын өнүктүрүүгө жумшоого;
- өз алдынча көзөмөлчүлүк кеңештер менен макулдашуу боюнча атайын каражаттардын эсебинен сатып алынган кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктү тескөөгө (ажыратууга, алмаштырууга, ижарага берүүгө), ошондой эле кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктү ижарага берүүдөн түшкөн каражаттарды тескөөгө;
- 2022-жылга каралгандан төмөн эмес көлөмдө мамлекеттик билим берүү гранттарын алууга;
- акы төлөнүүчү билим берүү кызматтарын көрсөтүү үчүн тарифтерди өз алдынча түзүүгө жана бекитүүгө;
- окугандардын санын өз алдынча аныктоого жана бар болгон аянттарды жана ЖОЖдун башка шарттарын эске алуу менен студенттерди кабыл алуу планын бекитүүгө;
- ЖОЖдордун юридикалык жактын статусу бар түзүмдүк бөлүмдөрүнө капиталдык жана учурдагы ондоо, аларга бекитип берилген, алардын балансында турбаган материалдык-техникалык базаны өнүктүрүү менен байланышкан финансылык чыгымдарды аталган бөлүмдөрдүн бекитилген кирешелер жана чыгашалар сметаларынын чегинде жүргүзүү укугун берүүгө.
3. Төмөнкү мамлекеттик жогорку окуу жайларын кайра уюштурууну жүргүзүү максатка ылайыктуу деп табылсын:
- илимий-изилдөө университети деген статусту берип, Бизнес жана социалдык өнүгүү академиясын кошуу менен М.Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык университетин;
- Кыргыз мамлекеттик юридикалык университетин кошуу менен Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетин;
- Ош мамлекеттик юридикалык институтун кошуу менен Ош мамлекеттик университетин;
- Н.Исанов атындагы Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетин, Академик Ү.Асаналиев атындагы Кыргыз мамлекеттик геология, тоо-кен иштери жана жаратылыш ресурстарын өздөштүрүү университетин кошуу менен И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетин.
(КР Президентинин 2025-жылдын 8-апрелиндеги ПЖ № 121 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
4. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети:
1) төмөнкүлөрдү караган ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун белгиленген тартипте демилгелесин:
- мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын колдонууну ушул Жарлыктын 1-пунктунда көрсөтүлгөн мамлекеттик ЖОЖдор тарабынан көрсөтүлүүчү билим берүү кызмат көрсөтүүлөрүнөн алып салууну;
- ушул Жарлыктын 1-пунктунда көрсөтүлгөн мамлекеттик ЖОЖдорго төмөнкүдөй укуктарды берүүнү:
профессордук-окутуучулук курамдын кызмат орундарын ээлөөнүн тартибин өз алдынча аныктоого;
лицензия албастан жогорку кесиптик жана ЖОЖдон кийинки кесиптик билим берүү программалары боюнча билим берүү ишин жүргүзүүгө;
сатып алууларды жүргүзүүнүн бекитилген ички эрежелерине ылайык көзөмөлчүлүк кеңештер менен макулдашуу боюнча сатып алууларды өз алдынча жүргүзүүгө;
өз алдынча белгиленген билим берүү стандарттарынын жана талаптарынын негизинде жогорку кесиптик жана ЖОЖдон кийинки кесиптик билим берүүнүн билим берүү программаларын ишке ашырууга;
бакалаврларды жана адистиктерге даярдоо багыттары боюнча окутуу үчүн кабыл алуу эрежелерин өз алдынча иштеп чыгууга жана бекитүүгө;
2) өзүнүн чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин;
3) бул Жарлыктан келип чыгуучу башка зарыл чараларды көрсүн.
5. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
6. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2022-жылдын 22-июлундагы № 64 (3399) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
С.Н. Жапаров |