Загрузка документа…
ОРЛОВКА ШААРЫНЫН КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Орловка шаарынын кеңешинин ХХVIII чакырылышынын XXVII кезексиз сессиясы
2023-жылдын 30-ноябры №137/27-28
“Окторкой коктусунда скважиналарды жана Орловка шаарындагы тазалоочу курулмалардын суу тундургучун металл менен тосуу” долбоорун артыкчылыктуу деп таабуу жөнүндө
Орловка шаарынын мэриясынын экономика жана инвестицияларды тартуу боюнча башкы адиси - Н.О.Мамырканованын ““Окторкой коктусунда скважиналарды жана Орловка шаарындагы тазалоочу курулмалардын суу тундургучун металл менен тосуу” долбоорун ишке ашыруунун зарылчылыгы жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап чыгып, Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамына ылайык, Орловка шаарынын кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Окторкой коктусунда скважиналарды жана Орловка шаарындагы тазалоочу курулмалардын суу тундургучун темир курчоо менен тосуу” долбоору артыкчылыктуу деп табылсын.
2. Орловка шаарынын мэриясы бул долбоорду ишке ашыруу үчүн Чүй облусунун жана Кемин районунун өнүктүрүү фонддоруна өтүнмө берсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Орловка шаарынын кеңешинин бюджет жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы - Т.Э.Асанбековго жана Орловка шаарынын мэри - Б.А.Чанчаровго жүктөлсүн.
Төрага |
| М.И.Токтакунов |