Загрузка документа…
ОРЛОВКА ШААРЫНЫН КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Орловка шаарынын кеңешинин ХХVIII чакырылышынын XXVII кезексиз сессиясы
2023-жылдын 30-ноябры №135/27-28
Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүү тарифтерин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Кемин финансы башкармалыгынын 2023-жылдын 27-октябрындагы № 01-6/319 катынын негизинде, Орловка шаарынын мэриясынын кирешелер боюнча башкы адиси – Т.Б.Бековдун маалыматын угуп жана талкуулап, Орловка шаарынын кеңешинин бюджет-финансы маселелери жана жер маселелери боюнча туруктуу комиссияларынын чечимине ылайык, ошондой эле Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамына ылайык, Орловка шаарынын кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүүгө төмөнкүдөй тарифтер бекитилсин:
- Сугат айдоо учурдагы баадан 1250 сомдон 3000 сомго;
- Кайрак айдоо учурдагы баадан 850 сомдон 2000 сомго;
- Чабынды азыркы баадан 250 сомдон 1000 сомго;
- Көп жылдык көчөттөр азыркы баадан 500 сомдон 1500 сомго.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Орловка шаарынын мэри - Б.А.Чанчаровго жүктөлсүн.
Төрага |
| М.И.Токтакунов |