Редакцияот 28.09.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТЕПЕ-КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Тепе-Коргон айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги 3-сессиясы

 

2021-жылдын 28-сентябры №5

Тепе-Коргон айылынын жашоочусу Гиёзова Нусратхон Низамидиновнанын арызы жөнүндө

 

Н.Гиёзова арыз менен кайрылып, өзүнүн жашап турган 718,0 м2  мурда сатып алган жери боюнча багытын өзгөртүп берүүнү суранган. Ошондой эле жогоруда көрсөтүлгөн жер тилкесине Араван райондук кадастр жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгы тарабынан 2021-жылдын 22-апрелинде №5-02-05-0017-0044 реестри менен катталып, серия Ч № 969903 жер участогуна болгон жеке менчик укугу жөнүндө мамлекеттик актысы алынганын ал тамеки куртуучу жайдын жер тилкеси багытында болгондуктан, анын багытын турак-жай  багытына өзгөртүүгө уруксат берүүнү суранган.

Арыз боюнча А.Арзиевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап чыгып, Тепе-Коргон айылдык Кенеши төмөнкүдөй

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.            Гиёзова Нусратхон Низамидиновна арызы канааттандырылып, өзүнүн жашап турган 718,0 м2  мурда сатып алган тамеки курутуучу жай жер тилкеси багытында болгондуктан, анын багытын турак-жай  багытына өзгөртүүгө макулдук берилсин.

2.            Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин туруктуу комиссиясына  милдеттендирилсин.

 

 

Төрага

 

А. Арзиев