Редакцияот 28.09.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТЕПЕ-КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Тепе-Коргон айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги 3-сессиясы

 

2021-жылдын 28-сентябры №6

Тепе-Коргон айылынын жашоочусу Тожибаева Улпатхон Астанаевнанын арызы жөнүндө

 

У.Тожибаева арыз менен кайрылып, өзүнүн менчиги болгон 1820,0 м2  мурда сатып алган жери боюнча багытын өзгөртүп берүүнү суранган. Ошондой эле жогоруда көрсөтүлгөн жер тилкесине Араван райондук кадастр жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгы тарабынан 2021-жылдын 08-октябрында №5-02-05-0013-0143 реестри менен катталып, серия Ч № 1023742 жер участогуна болгон жеке менчик укугу жөнүндө мамлекеттик актысы алынганын ал талаа шыйпанынын жер тилкеси багытында болгондуктан, анын багытын турак-жай  багытына өзгөртүүгө уруксат берүүнү суранган.

Арыз боюнча А.Арзиевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап чыгып, Тепе-Коргон айылдык Кенеши төмөнкүдөй

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.            Тожибаева Улпатхон Астанаевнанын арызы канааттандырылып, өзүнүн менчиги болгон 1820,0 м2  мурда сатып талаа шыйпанынын жер тилкеси багытында болгондуктан, анын багытын турак-жай багытына өзгөртүүгө макулдук берилсин.

2.            Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин туруктуу комиссиясына  милдеттендирилсин.

 

 

Төрага

 

А. Арзиев