Редакцияот 28.09.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТЕПЕ-КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Тепе-Коргон айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги 3-сессиясы

 

2021-жылдын 28-сентябры №8

Жаңы-Жол тургундарынын  арызы жөнүндө

 

Мирзакаримов Жолдош (Жолдош дыйкан чарбасы), Аллакулова Рахима(Аллакул ата дыйкан чарбасы) жана Эргешова Мухамбатар арыз менен кайрылып, өздөрүнүн үлүш жери болгон №25 контурдан №255 контурдгы аренда жерге көчүрүгөн.Себеби өздөрүнүн №25 контурдагы үлүш жери элдик конуш жерге жакын болгондуктан,үлүш жерлерин турак жай конушуна беришкен.Ошол бул аренде жерге алмашылган үлүш жерлеринин күбөлүктөрүн алмаштырууну суранышкан.

Арыз боюнча А.Арзиевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап чыгып, Тепе-Коргон айылдык Кенеши төмөнкүдөй

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.            Мирзакаримов Жолдош, Аллакулова Рахима жана Эргешова Мухамбатардын арыздары  канааттандырылып, №255 контурдгы аренда жерди үлүш жери кылып күбөлүгүн өзгөртүүгө макулдук берилсин.

2.            Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин туруктуу комиссиясына  милдеттендирилсин.

 

 

 

Төрага

 

А. Арзиев