Загрузка документа…
ОРЛОВКА ШААРЫНЫН КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Орловка шаарынын кеңешинин ХХVIII чакырылышынын XXVI кезексиз сессиясы
2023-жылдын 24-октябры № 126/26-28
Суу менен камсыздоо жана сууну өткөрүү (канализация) боюнча кызматтарга тарифтерди жогорулатуу жөнүндө
Суу менен камсыздоо жана сууну өткөрүү (канализация) системаларынын иштешин, ошондой эле абоненттерди сапаттуу ичүүчү суу менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу максатында, “Орловка суу каналы” муниципалдык ишканасынын директору - Т.А.Тентиевдин “Орловка суу каналы” муниципалдык ишканасын суу менен камсыздоо жана сууну өткөрүү (канализация) боюнча көрсөтүлүүчү кызматтарга прейскуранты бекитүү жөнүндө” кайрылуусун угуп жана талкуулап, Орловка шаарынын кеңешинин бюджет жана финансы маселелери жана өнөр жай боюнча туруктуу комиссияларынын чечимин, ошондой эле Орловка шаарынын тургундарынын чогулушунун чечимин эске алуу менен, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамына ылайык, Орловка шаарынын кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Орловка суу каналы” муниципалдык ишканасын суу менен камсыздоо жана сууну өткөрүү (канализация) боюнча көрсөтүлүүчү кызматтарга прейскуранты тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Орловка шаарынын кеңешинин 2023-жылдын 7-июлундагы №104/22-28 “Орловка суу каналы” муниципалдык ишканасы үчүн муздак сууну, канализацияны жана сугат сууну пайдалануу үчүн колдонуудагы тарифти бекитүү жөнүндө” токтомунун 1-пунктун кароо жараксыз деп табылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Орловка шаарынын кеңешинин өнөр жай боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы – У.Б.Осмоналиевге жана Орловка шаарынын вице-мэри – К.Ч.Мамаевге жүктөлсүн.
Төрага |
| М.И.Токтакунов |
Макулдашылды | Бекитилди | |||
Кыргыз Республикасынын | Орловка шаардык кеңешинин төрагасы | |||
Экономика жана коммерция | ||||
министрлигине караштуу | ||||
Монополияга каршы жөнгө салуу | ||||
Кыргызской Республики |
| |||
Кызматынын Чүй облустук бөлүмү |
|
| ||
|
| ____________________Токтакунов М.И. | ||
Буйрук № 48 от 2023-ж. 18 декабры | Токтом № 126/26-28 2023-ж. 24 октябры | |||
«Орловка Сууканал» | ||||
муниципалдык ишкананын көрсөтүлгөн | ||||
кызматтар үчүн прейскуранты | ||||
№ | Кызматтык аталышы | Бирдик өлчөмү | Керектөөчүлөр | |
Калк үчүн | Башка керектөөчүлөр | |||
1 | Суу камсыздоо | м3 | 12,28 | 36,00 |
2 | Суу өткөрүү | м3 | 12,45 | 36,00 |
Директор | Т.А. Тентиев | |||
Экономист | В.Н. Рябов | |||