ТЕПЕ-КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Тепе-Коргон айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги 4-сессиясы
2022-жылдын 19-январы №01
Тепе-Коргон айыл өкмөтүнүн 2022- жылга карата жергиликтүү бюджетин киреше, чыгаша жана калдыгы жөнүндө
Тепе-Коргон айыл өкмөтүнүн каржы-экономика бөлүмү тарабынан даярдалып, айыл өкмөтүнүн экономикалык жана социальдык өнүгүүсүнүн 2022-жылга индикативдик божомолуна ылайык даярдалып, айыл өкмөтү тарабынан сунуш кылынып, айыл өкмөтүндөгү ишкана мекемелердин жетекчилеринин катышуусу менен атайын комиссияда талкууланып, айылдык кеңештин туруктуу комиссиялары тарабынан жактырылыган. Тепе-Коргон айыл өкмөтүнүн 2022-жылга жергиликтүү бюджетинин киреше, чыгаша жана калдыгын бекитуу жөнүндөгү маселени карап жана талкуулап чыгып, Тепе-Коргон айылдык кенеши төмөнкүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тепе-Коргон айыл өкмөтүнүн 2022-жылга карата жергиликтүү бюджетинин киреше булактары жана чыгашаны каржылоого каражаттар №1 тиркемеге карата белгиленсин (№1 тиркеме тиркелет).
2. Тепе-Коргон айыл өкмөтүнүн 2022-2023-2024-жылдарга айылдык бюджетинин негизги параметрлеринин болжолу жактырылсын. 2022-2023-2024-жылдарга Республикалык бюджетинен берилуучу тендөөчү грантынын болжолу 2022-жылга 3726,0 мин сом,2023-жылга 3726,0 мин сом, 2024-жылга 3726,0 мин сомго белгиленсин жана ар бир бюджеттик жылда тактоого алынсын (№2 тиркеме тиркелет).
3. Чыгымдарды каржылоо биринчи кезекте коргоого алынган беренелер боюнча (эмгек акыга, социалдык фондуна, тамактануу жана жеңилдиктерге) ошондой эле коммуналдык чыгымдарды каржылоо боюнча жүргүзүлсүн. Чыгашалардын корголгон беренелери боюнча штаттык сандагы бош орундарга жана нормативдик актылардын кабыл алынышына байлаништуу азайтырылышы мумкун. Чыгашалардын корголгон беренелерин каржылоо үчүн жоопкерчилик Тепе-Коргон айыл өкмөтүнүн каржы бөлүмүнө жүктөлсүн.
4. Тепе-Коргон айыл өкмөтүнүн администрациясы төмөнкүлөргө укуктуу;
-эгерде бул айылдык бюджеттин киреше бөлүгүн азайтууга алып келбесе , ушул токтомдун 1-беренесинде бекитилген суммалардын чектеринде ушул токтомдун тиркемесине өзгөртүү киргизүүгө;
-кирешелердин болжолдонгондон ашыкча түшүлөрүнүн эсебинен айылдык бюджеттин чыгаша бөлүгүн көбөйтүүнү карап чыгууга;
-киргизилген өзгөртүүлөр Тепе-Коргон айылдык Кеңеши тарабинан каралат жана кабыл алынат.
5. Айылдык бюджетке кирешеден чегерүүлөр кирешелерден алынуучу салык (подоходналог) боюнча 100%, жана Роялти боюнча 50,0% өлчөмүндө жергиликтуу бюджетке чегирилсин. Транспорт салыгы, жер салыгы, патенттерден түшүүчү киреше, ФПС тин аренда акысы, кыймылсыз мулк салыгы толугу менен 100,0% өлчөмүндө жергиликтуу бюджетке чегирилсин.
6. Тепе-Коргон айыл өкмөтүнө караштуу болгон жайыт жерлерин пайдалангандыгы үчүн төлөмдөр жергиликтуу бюджеттин киреше бөлүгүнүн №14152200 “Жайыт жерлеринен пайдалангандыгы үчүн төлөмдөр” беренесине толугу менен чегирилсин.
7. Жайыт жерлеринин пайдалангандыгы үчүн төлөмдөрдүн 3/2 бөлүгү жайыт комитеттеринин чыгашаларына, калган бир бөлүгү айыл өкмөтүнүн социалдык маселелерин чечуу үчүн жумшатылсын.
8. Тепе-Коргон айыл өкмөтүнө караштуу Интернационал, Жаны-Абад, Жаны-Жол, Беш-кабырга, Кесов,Чертик, Арап жана Тепе-Коргон айылдарына бирден бардыгы болуп 7 айыл башчы штаты белгиленсин.
9. Тепе-Коргон айылдык Кеңештин туруктуу комиссиясына бул токтомдун аткарылышына көзомолдүк кылуу, бюджетти толуктоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштерге көмөк көрсөтүү милдеттендирилсин.
10. Тепе-Коргон айыл өкмөтүнүн 2022-жыл 1- январына карата киреше боюнча калдыгы бардыгы болуп 2833,6 мин сом, анын ичинен атайын каражат счетунун калдыгы 864,7 мин сом, бюджеттик счеттун калдыгы 1968,9 мин сом акча каражаттарынын пайдалануусу №1 тиркемеге ылайык бекитилсин (№1 тиркеме тиркелет).
11. Жогорудагы айыл өкмөтүнун 2022-жылдын 1-январына карата киреше боюнча калдыгы пайдалануусу боюнча Каржы министрлигинин Араван финансы башкармалыгына смета түзүп тапшыруу, ФЭБ башчысы Г.Эрматовго тапшырылсын.
12. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдө жагы айылдык кеңештин экономика, бюджет жана каржылоо маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
| А. Арзиев
|
Тепе-Коргон айылдык кенешинин
VII-чакырылышынын IV-сессиясынын
№1-токтомуна №1 тиркеме
Тепе-Коргон айыл өкмөтүнүн 2022-жылга карата кирешелер,
чыгашалар жана калдыктар планы:
КИРЕШЕЛЕР:
Кирешенин аталышы | 2022-жыл |
Киреше салыгы(подоход налог) | 9020,0 |
Бирдиктүү салык | 10,0 |
Мажбурлоо патенти | 50,0 |
Ыктиярдүү патент | 2060,0 |
Кыймылсыз мулк салыгы | 120,0 |
Транспорт салыгы | 1610,0 |
Физикалык тараптардын жер салыгы | 305,0 |
Юридикалык тараптардын жер салыгы | 1928,8 |
Айыл чарбасы эмес жерлердин жер салыгы | 370,0 |
Жер асты байлыктарын пайдалануу укугуна лицензия кармоо | 100,0 |
Калктүү конуштардагы жерлердин арендасы | 116,0 |
Жайлоо жерлеринин арендасы | 265,2 |
ФПС жерлеринин аренда акысы | 2200,0 |
Таштандыларды ташуу толөмү | 300,0 |
Атайын каражаттар | 1700,0 |
Айыл чарбасы эмес жерлерди сатуу | 75,00 |
Тендештирүүчү грант | 3726,0 |
Бардыгы: | 23956,0 |
ЧЫГАШАЛАР
Чыгашалардын аталышы | 2022-жыл |
Аппарат | 11823,8 |
Айыл чарабасы | 800,0 |
ЖКХ | 1000,0 |
Жайыт | 265,2 |
Маданият | 867,0 |
Билим берүү | 8500,0 |
Социалдык жардам | 700,0 |
Бардыгы: | 23956,0 |
КАЛДЫКТАР:
Берененин аталышы | Берене | Сумма | Түшүндүрмө |
Аппарат | |||
Ар түрдүү чыгым | 2215 | 200,0 |
|
Имарат жана курулуш | 3111 | 1195,9 |
|
|
|
|
|
Жалпысы: |
| 1395,9 |
|
Билим берүү (орто мектеп) | |||
Эл.энергичсына | 2231 | 573,0 |
|
Жалпысы: |
| 573,0 |
|
Бардыгы бюджет: |
| 1968,9 |
|
Билим беруу атайын каражат (балдар бакчасы) | |||
Тамак-аш | 2218 | 864,7 |
|
Бардыгы атайын каражат: |
| 864,7 |
|
Бардыгы бюджет жана атайын каражат: | - | 2833,6 |
|
Тепе-Коргон айылдык
кеңешинин төрагасы: А.Арзиев
Тепе-Коргон айылдык кенешинин
VII-чакырылышынын IV-сессиясынын
№1-токтомуна №2 тиркеме
Тепе-Коргон айыл өкмөтүнүн 2023-2024-жылдарга карата кирешелеринин планы:
КИРЕШЕЛЕР:
Кирешенин аталышы | 2023-жыл | 2023-жыл |
Киреше салыгы(подоход налог) | 9408,0 | 9690,0 |
Бирдиктүү салык | 10,0 | 10,0 |
Мажбурлоо патенти | 50,0 | 50,0 |
Ыктиярдүү патент | 2060,0 | 2060,0 |
Кыймылсыз мулк салыгы | 120,0 | 120,0 |
Транспорт салыгы | 1610,0 | 1610,0 |
Физикалык тараптардын жер салыгы | 305,0 | 305,0 |
Юридикалык тараптардын жер салыгы | 1928,8 | 1928,8 |
Айыл чарбасы эмес жерлердин жер салыгы | 370,0 | 370,0 |
Жер асты байлыктарын пайдалануу укугуна лицензия кармоо | 100,0 | 100,0 |
Калктүү конуштардагы жерлердин арендасы | 116,0 | 116,0 |
Жайлоо жерлеринин арендасы | 265,2 | 265,2 |
ФПС жерлеринин аренда акысы | 2200,0 | 2200,0 |
Таштандыларды ташуу толөмү | 300,0 | 300,0 |
Атайын каражаттар | 1700,0 | 1700,0 |
Айыл чарбасы эмес жерлерди сатуу | 75,0 | 75,0 |
Тендештирүүчү грант | 3726,0 | 3726,0 |
Бардыгы: | 24344,0 | 24626,0 |
ЧЫГАШАЛАР:
Чыгашалардын аталышы | 2023-жыл | 2024-жыл |
Аппарат | 12274,0 | 12726,0 |
Айыл чарабасы | 800,0 | 800,0 |
ЖКХ | 1200,0 | 1000,0 |
Жайыт | 280,0 | 300,0 |
Маданият | 890,0 | 900,0 |
Билим берүү | 8100,0 | 8100,0 |
Социалдык жардам | 800,0 | 800,0 |
Бардыгы: | 24344,0 | 24626,0 |
Тепе-Коргон айылдык
кеңешинин төрагасы: А.Арзиев