Редакцияот 19.01.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТЕПЕ-КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Тепе-Коргон айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги 4-сессиясы

 

2022-жылдын 19-январы № 02

Тепе-Коргон айыл аймагында жашаган  жашоочуларга жеке тартипте турак жай курууга жер тилкелерин берүү жөнүндө

 

 Тепе-Коргон айылдык кеңешининдепутаттары күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап чыгып, Тепе-Коргон айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.            Тепе-Коргон айыл аймагында жашаган жашоочуларга жеке тартипте турак жай курууга Тепе-Коргон айыл аймагынын Көк-Сарай жана Алмалык участкасынан 0,08 гектардан, ал эми калган Интернационал, Жаны-Абад, Уйгур-Абад, Жаны-Жол, Арап, Кесов, Чертик жана Тепе-Коргон айылдарынан 0,05 гектардан жер тилкеси берилсин.

2.            Токтомдун аткарылышы айылдык кеңештин жер комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн жер маселелери боюнча адиси А.Умаровго жүктөлсүн.

   

 

Төрага

 

А. Арзиев