Редакцияот 14.02.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТЕПЕ-КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Тепе-Коргон айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги 5-сессиясы

 

2022-жылдын 14-февралы № 03

Тепе-Коргон айылынын тургуну Хожамбердиев Абдивали Холматовичтин  арызы жөнүндө

  

А.Хожамбердиев арыз менен кайрылып, өзүнүн менчиги болгон 346,0 м2  мурда сатып алган жери боюнча багытын өзгөртүп берүүнү суранган. Ошондой эле жогоруда көрсөтүлгөн жер тилкесине Араван райондук кадастр жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгы тарабынан 2021-жылдын 03-ноябрында №5-02-05-1010-0386 реестри менен катталып, серия Ч № 1023903 жер участогуна болгон жеке менчик укугу жөнүндө мамлекеттик актысы алынганын ал мурдагы Жаны-Абад калхозунун талаа шыйпанында жайгаш  навестин жер тилкеси багытында болгондуктан, анын багытын турак-жай  багытына өзгөртүүгө уруксат берүүнү суранган.

Арыз боюнча А.Арзиевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап чыгып, Тепе-Коргон айылдык Кенеши төмөнкүдөй

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.            Хожамбердиев Абдивали Холматовичтин  арызы канааттандырылып, өзүнүн менчиги болгон 346,0 м2  мурдагы Жаны-Абад калхозунун талаа шыйпанында жайгаш  навестин жер тилкеси, турак-жай  багытына өзгөртүүгө макулдук берилсин.

2.            Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин туруктуу комиссиясына  милдеттендирилсин.

 

 

Төрага

 

А. Арзиев