Редакцияот 14.02.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТЕПЕ-КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Тепе-Коргон айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги 5-сессиясы

 

2022-жылдын 14-февралы № 05

Тепе-Коргон айыл өкмөтүнүн Кесов  айылынын тургуну Маматисаков Жалалидиндынарызы жөнүндө

 

Тепе-Коргон айыл өкмөтүнүн Кесов участкасында жайгашкан мурдагы тала шийпандын жалпы аянты 1990,0 чарчы метр болгон, азыркы учурда Кесов айылынын тургуну Маматисаков Жалалидиндын менчиги болуп эсептелгендигине байлаништуу турак жай салуу максатында пайдаланууга макулдук сурап, жазган арызын угуп жана талкуулап

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.              Тепе-Коргонайыл өкмөтүнүн Кесов участкасында жайгашкан мурдагы таала шийпандын жалпы аянты 1990,0 чарчы метр болгон жер тилкесин, азыркы учурда өзүнүн менчиги болуп эсептелгендигине байлаништуу багытын өзгөртүп, турак жай салуу максатында пайдаланууга уруксат берилсин.

2.              Жогорудагы атуулдун менчиги болуп эсептелген жер тилкесине турак жай салуу максатында пайдалануу үчүн жерге мыйзам чегинде чечим чыгарып берүү жагы айыл өкмөтүнүн жетекчилигинен суралсын.

3.              Жогорудагы атуулдун менчиги болуп эсептелген жер тилкесине өзүнө үй куру үчүн жер тилкеси катары жерге мыйзам чегинде бардык тиешелуу документтерди тактап, даярдап каттоодон өткөрүп берүү жагы Араван райондук архитектура жана шаар куруу башкармалыгынан жана Кадастр мамлекеттик мекемесинин Араван филиалынан суралсын.

 

Төрага

 

А. Арзиев