Загрузка документа…
ТЕПЕ-КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 16-майы № 01
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 24-февралындагы Кыргыз Республикасында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү, үрп адаттарды тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндөгү” №54-Жарлыгы жөнүндө
Айыл өкмөтүнүн социал маселелер боюнча жетектөөчү адиси С.Бекболотова айыл өкмөтү тарабынан 2022-жылдын 14-апрелинде Араван районунун мамлекеттик администрациясынын 2022-жылдын 30-мартындагы Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 2022-жылдын 26-мартындагы “Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 24-февралындагы Кыргыз Республикасында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү, үрп адаттарды тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндөгү” №54-Жарлыгын аткарууга алуу жөнүндөгү №33-б буйругун аткарууга алуу тууралуу №98-б сандуу буйругун аткарууга алуу максатында №30-буйругун кабыл алдык.Аталган буйрукта алкагында Кыргыз Республикасында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү, үрп адаттарды тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндөгү” №54-Жарлыгынын негизинде типтүү жобо иштеп чыгылып ошол типтуу жобону бекитип берүүнү суранган.
Айыл өкмөтүнүн 2022-жылдын 14-апрелиндеги №30-буйругун айылдык кеңештин депутаттары угуп жана талкуулап чыгып, Тепе-Коргон айылдык кеңеши төмөнкүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 24-февралындагы Кыргыз Республикасында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү, үрп адаттарды тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндөгү” №54-Жарлыгын турмушка ашыруу үчүн айыл өкмөтүнүн 2022-жылдын 14-апрелиндеги №30-буйругунун негизинде иштелип чыккан типтүү жобо бекитилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин социал маселелери жана мыйзамдуулук туруктуу комиссияларына милдеттендирилсин.
Төрага |
| А. Арзиев
|