Загрузка документа…
ТЕПЕ-КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 16-майы № 02
«Кадыр-Транс» ЖЧКнун арызы жөнүндө
“Кадыр-Транс” жоопкерчилиги чектелген коомунун директору Д.Боронбаев өз арызында төмөнкүлөрдү көрсөткөн.“Кадыр-Транс” ЖЧКу көп жылдардан бери элди, окуучуларды көчөдө калтырбай кызмат өтөп келүүдө. Азыркы күндө баарыбызга белгилүү күйүүчү майдын (ГСМ) баасы кескин түрдө эки эсеге ашкандыгы, кала берсе Тепе-Коргон- Араван жолдорунун абалы начарлап, жолдор өтө оюулуп кеткендигине байланыштуу жол акысын бир жүргүнчү үчүн 30 сомдон 35 сомго көтөрүп берүүнү өтүнгөн.
Айылдык кеңешинин төрагасы А.Арзиев “Кадыр-Транс” ЖЧКнун арызын айылдык кеңештин депутаттарына угузуп жана талкуулап чыгып, Тепе-Коргон айылдык кеңеши төмөнкүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Кадыр-Транс” жоопкерчилиги чектелген коомунун директору Д.Боронбаевдин арызы канааттандырылып, Тепе-Коргон-Араван каттамы боюнча жол акысы бир жүргүнчү үчүн 35сом болуп бекитилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин социал маселелери жана мыйзамдуулук туруктуу комиссияларына милдеттендирилсин.
Төрага |
| А. Арзиев
|