Загрузка документа…
ТЕПЕ-КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 16-майы № 03
Интернационал айылынын тургуну Нурматов Юсубжандын арызы жөнүндө
Ю.Нурматов арыз менен кайрылып, өзүнүн менчиги болгон 250,0 м2 мурда сатып алган жери боюнча багытын өзгөртүп берүүнү суранган. Ошондой эле жогоруда көрсөтүлгөн жер тилкесине Араван райондук кадастр жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгы тарабынан 2011-жылдын 18-январда №5-02-05-1003-0058 реестри менен катталып, серия Ч №295672 жер участогуна болгон жеке менчик укугу жөнүндө мамлекеттик актысы алынганын ал мурдагы Интернационал айылындагы калхоздун талаа шыйпанында жайгаш соода дүкөнүн жер тилкеси багытында болгондуктан, анын багытын турак-жай багытына өзгөртүүгө уруксат берүүнү суранган.
Арыз боюнча А.Арзиевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап чыгып, Тепе-Коргон айылдык Кенеши төмөнкүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Нурматов Юсубжандын арызы канааттандырылып, өзүнүн менчиги болгон 250,0 м2 мурдагы Интернационал калхозунун талаа шыйпанында жайгаш соода дүкөн жер тилкеси, турак-жай багытына өзгөртүүгө макулдук берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага |
|
| А. Арзиев |