Загрузка документа…
ТЕПЕ-КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 16-майы № 04
Бостон айылынын тургуну Юлдашов Диёрбек Салимжановичтин арызы жөнүндө
Д.Юлдашов арыз менен кайрылып, өзүнүн менчиги болгон 952,0 м2 мурда сатып алган жери боюнча багытын өзгөртүп берүүнү суранган. Ошондой эле жогоруда көрсөтүлгөн жер тилкесине Араван райондук кадастр жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгы тарабынан 2019-жылдын 17-декабрда №5-02-05-1008-0743 реестри менен катталып, серия Ч №890846 жер участогуна болгон жеке менчик укугу жөнүндө мамлекеттик актысы алынганын ал мурдагы Бостон айылындагы калхоздун талаа шыйпанынын жер тилкеси багытында болгондуктан, анын багытын турак-жай багытына өзгөртүүгө уруксат берүүнү суранган.
Арыз боюнча А.Арзиевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап чыгып, Тепе-Коргон айылдык Кенеши төмөнкүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Юлдашов Диёрбек Салимжановичтин арызы канааттандырылып, өзүнүн менчиги болгон 952,0 м2 мурдагы Бостон айылында жайгашкан калхоздун талаа шыйпанынын жер тилкеси, турак-жай багытына өзгөртүүгө макулдук берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага |
|
| А. Арзиев |