ҮЧ-ТӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Үч-Төбө айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XVII сессиясы
2023-жылдын 23-январы № 8
Үч-Төбө айыл өкмөтүнүн алдында “Таза-Суу-Тазалык” муниципалдык ишканасы жөнүндө
Үч-Төбө айыл өкмөтүндө калкка кызмат көрсөтүүнү жакшыртуу максатында, “Таза-Суу-Тазалык” муниципалдык ишканасынын ордунда калтыруу боюнча айыл өкмөт башчысы Ж..Тажибаевдин билдирүүсүн угуп, талкуулап Үч-Төбө айылдык кенешинин VII чакырылышынын ХVII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Үч-Төбө айыл өкмөтүндө калкка кызмат көрсөтүүнү жакшыртуу максатында, “Таза-Суу-Тазалык” муниципалдык ишканасы ордунда калтырылсын.
2. “Таза-Суу-Тазалык” муниципалдык ишканасынын штаттык бирдиги 3 (үч) штаттык бирдик болуп белгиленсин жана эмгек акысы жергиликтүү бюджеттин (өздүк кирешенин) эсебинен каржылансын.
3. Ишмердүүлүгүн “Таза-Суу-Тазалык” муниципалдык ишканасы жонундө жобого ылайык жүргүзүү эсебинен ашыкча түшкөн кирешелердин жана үнөмдөлгөн Ибраимов Нурбек Жалиловичке милдеттендирилсин жана калктан чогултуучу төлөмдөрдүн көлөмүн көбөйтүүнү колго алсын.
4. “Таза-Суу-Тазалык” муниципалдык ишканасынын ишмердүүлүгүн көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Тажибаевге тапшырылсын.
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет, экономика жана инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: | Асантай уулу А |