ҮЧ-ТӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Үч-Төбө айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XVIII сессиясы
2023-жылдын 31-марты № 11
Таза суу кампасын курууга жер аянтын бөлүп берүү жөнүндө
Үч-Төбө айыл өкмөтүнүн 2023-жылдын 27-мартындагы №100 сунуш катын карап чыгып, талкуулап Кичи-Каракол айылында жайгашкан Чукур участкасынын аркы бетиндеги суу өтүүчү чон арыктын үстүндөгү айыл өкмөтүнүнө караштуу №854 жана №871 контурларында жайгашкан жерден 0.30 га жер аянтын таза суу кампасын курууга бөлүп берүү максатында Үч-Төбө айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Үч-Төбө айыл өкмөтүнүн Кичи-Каракол айылындагы Чукур участкасынан суу өтүүчү чон арыктын үстүндөгү №854 жана №871 контурларында жайгашкан 0.30 га жайытка тиешелүү жер аянтынын максаттуу багыты өзгөртүлүп,”Таза суу” долбоорунун негизинде суу кампасын курууга чектелип берилсин.
2.Жогоруда көрсөтүлгөн жер тилкесине Алай райондук жергиликтүү мамлекеттик админстрациясынын жерди которууну(трансформациялоо)жүргүзүү боюнча түзүлгөн комиссиясынан корутунду чыгарып берүү жагы суралсын
3.Алай райондук жергиликтүү мамлекеттик админстрациясынын жерди которууну(трансформациялоо)жүргүзүү боюнча түзүлгөн комиссиясынан корутундусунун негизинде жогорудагы жер тилкесине тиешелүү иш кагаздарын бүтүрүү жагы Үч-Төбө айыл өкмөтүнүн жер адиси М.Эшназаровго милдеттендирилсин
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин укук тартиби жана мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсун.
Төрага: | Асантай уулу А |