Редакцияот 31.03.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ҮЧ-ТӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Үч-Төбө айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XVIII сессиясы

 

2023-жылдын 31-марты № 13

Үч-Төбө айыл өкмөтүнүн аймагында жеке турак жай курууга берилүүчү жер аянтынын чектик өлчөмүн аныктоо жөнүндө

 

Үч-Төбө айыл өкмөтүнүн аймагында турак жай курууга берилүүчү жерлердин чектик өлчөмүн  аныктоо  максатында Үч-Төбө айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Тажибаевдин 2023-жылдын 30-мартындагы №109  билдирүүсүн угуп,талкуулап,Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 18-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык Үч-Төбө айылдык Кеңеши

 

               ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.Үч-Төбө айыл өкмөтүнүн аймагында  жеке турак жай курууга берилүүчү жерлердин чектик өлчөмү 12 сотыхтан болуп белгиленсин

 

2.Ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Тажибаевге милдеттендирилсин

 

3. Токтомду көзөмөлдөөнү айылдык Кеңештин муниципалдык чарба жана көрктөндүрүү боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн

 

Төрага:

Асантай уулу А