Редакцияот 31.03.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ҮЧ-ТӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Үч-Төбө айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XVIII сессиясы

 

2023-жылдын 31-марты № 14

Үч-Төбө айыл өкмөтүнүн эски админстративтик имаратын жана айыл өкмөтүнө караштуу Чоң-Каракол айылындагы “Маданият” орто мектебинин эски имаратын  ӨКМнин корутундусунун негизинде бузуу жөнүндө

 

       Үч-Төбө айыл өкмөтүнүн эски       админстративтик имаратын жана айыл өкмөтүнө караштуу Чоң-Каракол  айылындагы        “Маданият” орто мектебинин эски имаратын  ӨКМнин            корутундуларынын       негизинде бузуу     жөнүндө        Үч-Төбө айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Тажибаевдин     билдирүүсүн угуп,талкуулап Үч-Төбө айылдык Кеңеши

 

       ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.Үч-Төбө айыл өкмөтүнүн эски      админстративтик имаратын жана айыл өкмөтүнө караштуу Чоң-Каракол   айылындагы “Маданият” орто мектебинин эски имаратын  ӨКМдин корутундуларынын  негизинде бузулсун

 

2.Эски имараттарды бузуудан чыккан материалдарды эсепке алуу жана айыл өкмөтүнүн аймагындагы бюджеттик мекеме ишканаларга пайдаланууну көзөмөлгө алуу, бөлүштүрүү боюнча   атайын айыл өкмөтүндө комиссия түзүлсүн

 

3.Эски имараттарды бузуудан чыккан курулуш материалдарын эсепке алуу, пайдалануу боюнча баардык жоопкерчилик айыл өкмөтүндө түзулүүчү комиссиянын курамына жүктөлсүн

 

4.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Тажибаевге тапшырылсын

 

 

 

Төрага:

Асантай уулу А