АК-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Суу айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XVIII-сессиясы
2024-жылдын 19-январы № 177
Ак-Суу айыл өкмөтүнүн 2023-жылда Социалдык өнүгүүсүнүн индикативдик планынын аткарылышы жана 2024-жылга индикативдик планын бекитүү жөнүндө.
Ак-Суу айыл өкмөтүнүн экономист-статисти А.Курбаналиевдин Ак-Суу айыл өкмөтүнүн 2023-жылда Социалдык өнүгүүсүнүн индикативдик планынын аткарылышы жана 2024-жылга индикативдик планын бекитүү боюнча маалыматын угуп жана талкуулап,Ак-Суу айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XVIII сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1.Ак-Суу айыл өкмөтүнүн экономист-статисти А.Курбаналиевдин билдирүүсү көңүлгө алынсын.
2.Ак-Суу айыл өкмөтүнүн 2023-жылда Социалдык өнүгүүсүнүн индикативдик планынын аткарылышы канааттандырарлык деп белгиленсин.
3.Ак-Суу айыл өкмөтүнүн 2024-жылга индикативдик планы бекитилсин.
4.Ак-Суу айыл аймагы боюнча статтык маалыматтарды так,туура өз убагында жүргүзүү
Ак-Суу айыл өкмөтүнүн экономист-статисти А.Курбаналиевге милдеттендирилсин.
5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ак-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Худаяровго тапшырылсын
Ак-Суу айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин төрагасы | А.Саматов |