Загрузка документа…
ОРЛОВКА ШААРЫНЫН КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Орловка шаарынын кеңешинин ХХVIII чакырылышынын XXVI кезексиз сессиясы
2023-жылдын 24-октябры № 131/26-28
«Орловка суу каналы» муниципалдык ишканасынын абоненттери үчүн сууну керектөө ченемдерин макулдашуу жөнүндө
«Орловка суу-каналы» муниципалдык ишканасы тарабынан берилген «Орловка суу каналы» муниципалдык ишканасынын абоненттери үчүн сууну керектөө ченемдерин карап жана талкуулап чыгып, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» жана «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө» Мыйзамдарына ылайык, Орловка шаарынын кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Орловка суу каналы» муниципалдык ишканасынын абоненттери үчүн сууну керектөө ченемдери тиркемеге ылайык макулдашылсын.
2. “Орловка суу каналы" муниципалдык ишканасы абоненттери үчүн сууну керектөө ченемдери жалпы маалымдоо каражаттарына жарыяласын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тиешелүү иштерди жүргүзсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Орловка шаарынын кеңешинин өнөр жай боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы – У.Б.Осмоналиевге жана Орловка шаарынын вице-мэри – К.Ч.Мамаевге жүктөлсүн.
Төрага |
| М.И.Токтакунов |
|
|
|
|
|
Орловка шаарынын кеңешинин 2023-жылдын 24-октябрындагы № 131/26-28 токтомунун тиркемеси |
Орловка суу каналы» муниципалдык ишканасынын абоненттери үчүн сууну керектөө ченемдери
№ | Керектөөчүлөрдүн тизмеси | Товарлардын, жумуштардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн түрү | Сууну керектөө түрү | Суткасына 1 керектөөчүгө керектөө литр | Баасы 1 м3 сом | 1 керектөөчүгө бир күндүк чыгым сом | |
1-категория (жылытуу мезгили) | |||||||
| Турак жай имараттары | Муздак суу | Үй ичинде суу алуучу, канализация, ванна, сауна, ысык суу менен | 310 | 12,28 | 3,81 | |
| Канализация | Үй ичинде суу алуучу, канализация, ванна, сауна, ысык суу менен | 470 | 12,45 | 5,85 | ||
1-категория (аралык жылытуу мезгили) | |||||||
| Турак жай имараттары | Муздак суу | Үй ичинде суу алуучу, канализация, ванна, сауна, ысык суу менен | 170 | 12,28 | 2,09 | |
|
| Канализация | Үй ичинде суу алуучу, канализация, ванна, сауна, ысык суу менен | 170 | 12,45 | 2,12 | |
2-категория | |||||||
| Турак жай имараттары | Муздак суу | Канализациясыз үй ичиндеги сууну алуу менен | 100 | 12,28 | 1,23 | |
3-категория | |||||||
| Коомдук суу алгычтар | Муздак суу | Көчөдөгү колонналарды керектөө | 35 | 12,28 | 0,43 | |
4-категория (жылытуу мезгили) | |||||||
| Турак жай имараттары | Муздак суу | Борборлоштурулган канализациясы жок суу жана жылытуу колонналары менен | 240 | 12,28 | 2,9472 | |