АК-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Суу айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XVIII-сессиясы
2024-жылдын 19-январы № 179
“Ак-Суу айыл өкмөтүнүн 2025-2026-2027-жылдарга болжолдуу бюджетинин долбоорун бекитүү жөнүндө”.
Ак-Суу айыл өкмөтү 2023-жылга коюлган бюджетинин аткарылышы 2024-жылга Кыргыз Республикасынын каржы министри тарабынан берилген контролдук цифра боюнча Ак-Суу айыл өкмөтүнүн каржы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы Х.Кушбаковдун жана айылдык кеңешинин бюджет жана экономика боюнча комиссиясынын билдирүүсүн угуп жана Ак-Суу айыл өкмөтүнүн 2024-жылга бюджети жана 2025-2027-жылдарга долбоору жөнүндөгү” “Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин, Кыргыз Республикасынын өз алдынча башкаруу жөнүндө”мыйзамдарына ылайык түзүлгөндүгүн белгилейт.
Жогорудагыларды угуп жана талкуулап,Ак-Суу айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XVIII сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1.Ак-Суу айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Х.Кушбаковдун билдирүүсү көңүлгө алынсын .
2.Ак-Суу айыл өкмөтүнүн 2025-2026-2027-жылдарга болжолдуу бюджетинин долбоору бекитилсин.
3.Бул чечимдин аткарылышын камсыздоо Ак-Суу айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Х.Кушбаковго, көзөмөлдөө Ак-Суу айыл аймагынын жергиликтүү кеңешининбюджет,экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Ак-Суу айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин төрагасы | А.Саматов |