Редакцияот 19.01.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Ак-Суу айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XVIII-сессиясы

 

2024-жылдын 19-январы № 184

«Ак-Суу айыл аймагынын мергенчилер коомунун машыгуу иш чарасын өткөрүү үчүн  акча каражатын берүү жөнүндө”.

 

                                                   

  Лейлек райондук мергенчилер коомунун Ак-Суу айыл аймагы боюнча мүчөсү М.Шамуратовдун кайрылуу катын угуп жана талкуулап,Ак-Суу айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XVIII сессиясы                                                  

                                               Т О К Т О М   К Ы Л А Т:

 

1.Лейлек райондук мергенчилер коомунун Ак-Суу айыл аймагы боюнча мүчөсү М.Шамуратовдун кайрылуу каты көңүлгө алынсын.

 

2.Ак-Суу айыл аймагында мергенчилер коомунун иш чарасын уюштуруп,өткөрүү үчүн айыл өкмөтүнүн бюджетинен 60 000 (алтымыш миң) сом акча каражатын бөлүп берүүгө макулдук берилсин.

 

3.Токтомдун аткарылышын камсыздоо Ак-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Худаяровго тапшырылсын.

 

 

 

Ак-Суу айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин төрагасы

А.Саматов