АК-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Суу айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XVIII-сессиясы
2024-жылдын 19-январы № 185
“Ак-Суу айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин 2023-жылда иш пландын аткарылышы жана 2024-жылга карата иш планын бекитүү жөнүндө”.
Ак-Суу айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин жооптуу катчысы У.Шамуратовдун иш план боюнча билдирүүсүн угуп жана талкуулап,Ак-Суу айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XVIII сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Ак-Суу айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин жооптуу катчысы У.Шамуратовдун 2023-жылда аткарган иши канааттандырарлык деп белгиленсин жана 2024-жылга карата иш план боюнча билдирүүсү көңүлгө алынсын.
2.Ак-Суу айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин 2024-жылга карата түзүлгөн иш планы бекитилсин.
3.Токтомдун аткарылышын камсыздоо Ак-Суу айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин жооптуу катчысы У.Шамуратовго тапшырылсын.
Ак-Суу айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин төрагасы | А.Саматов |