АК-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Суу айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XVIII-сессиясы
2024-жылдын 19-январы № 186
“Ак-Суу айыл аймагынын ички арык жана латокторун Лейлек райондук суу чарба башкармалыгынын балансына өткөрүүгө макулдук берүү жөнүндө”.
Ак-Суу айыл аймагынын жер боюнча башкы адиси А.Бабаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап,Ак-Суу айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XVIII сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Ак-Суу айыл аймагынын жер боюнча башкы адиси А.Бабаевдин билдирүүсү көңүлгө алынсын.
2.Ак-Суу айыл аймагынын эсептик балансында болгон 39286 метр ички арык жана 3000 метр латок Лейлек райондук суу чарба башкармалыгынын карамагына өткөрүп берүүгө макулдук берилсин.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ак-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Худаяровго тапшырылсын.
Ак-Суу айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин төрагасы | А.Саматов |