КАРА-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Булак айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XXXVI-сессиясы
2024-жылдын 29-марты № 56
Кара-Булак айыл өкмөтүнүн аймагынан жер аянтын трансформациялоого
макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 15-июлундагы “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндөгү” № 145-Мыйзамынын 7-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук Коопсуздук Мамлекеттик комитетинин Баткен облустук башкармалыгынын 2024-жылдын 10-январындагы №05-33/1 КПҮ сандуу кайрылуу катынын жана Баткен райондук мамлекеттик администрациясынын 2024-жылдын 27-мартындагы № 01-27/393 сандуу чыгыш катынын, Кара-Булак айылдык кеңешинин жер жана агрардык маселелер (транспорт, курулуш, айыл чарба, өнөр жай) боюнча туруктуу комиссиясынын 2024-жылдын 27-мартындагы отурумунун корутундусунун негизинде, Кара-Булак айыл өкмөтүнүн Бужум айылына коргонуу багытындагы имарат куруу максатында, Кара-Булак айылдык кеңеши токтом кылат:
- Кара-Булак айыл аймагынын Бужум айылындагы № 994 контурунда жайгашкан 0,16 га, № 995 контурунда жайгашкан 0,04 га таштуу жайыт жер аянттарын, жалпы 0,20 га жер аянтын “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан, “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берилсин.
- Ушул токтомдун негизинде керектүү болгон иш кагаздарын даярдап берүү жагы Кара-Булак айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
- Ушул токтом каттоодон өткөрүлүп, kara-bulak.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
- Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагын Кара-Булак айылдык кеңешинин жер жана агрардык маселелер (транспорт, курулуш, айыл чарба, өнөр жай) боюнча туруктуу комиссиясынына тапшырылсын.
Төрага | К.Шакиров |