Редакцияот 01.02.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ӨЗГӨН ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Өзгөн шаардык кеңешинин (VII чакырылышынын) кезектеги XXVIII сессиясы

 

2024-жылдын 1–февралы № 28/1

Өзгөн шаардык кеңешинин (VII чакырылышынын)

 2024-жылга карата иш-планын бекитүү жөнүндө

 

Өзгөн шаардык кеңешинин (VII чакырылышынын) кезектеги XXVIII сессиясынын отуруму күн тартибине киргизилген маселени угуп жана талкуулап,

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.   Өзгөн шаардык кеңешинин (VII чакырылышынын)  2024-жылга карата иш-планы депутаттар тарабынан айтылган сунуштарды эске алуу менен тиркемеге ылайык бекитилсин.

 

2.   Иш-планда бекитилген маселелерди сессиянын отурумуна өз мөөнөтүндө жана сапаттуу даярдоо туруктуу комиссияларга милдеттендирилсин.

 

3. Иш-планда бекитилген маселелерди сессиянын отурумуна даярдоодо Өзгөн шаардык кеңешинин туруктуу комиссияларына көмөк көрсөтүү жагы Өзгөн шаардык кеңешинин аппарат кызматкерлерине тапшырылсын. 

 

             4.Бул токтомдун  аткарылышын көзөмөлдөө Өзгөн шаардык кеңешинин төрагасы А.Хасановго тапшырылсын.

 

 

Төрага

 

А. Хасанов