Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2023-жылдын 28-августу № 509-т
"Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 12-январындагы № 2-т тескемесине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган тескеме менен бекитилген 2022-2023-жылдарга Кыргыз Республикасында башкарууну санариптештирүү жана санариптик инфратүзүмдү өнүктүрүү боюнча иш-чаралар планында (мындан ары - План):
- "Ишке ашыруу мөөнөтү" графасында:
1-пункттун 1.1, 1.2-пунктчаларында "2022" деген цифралар "2023" деген цифраларга алмаштырылсын;
11-пунктта "2022" деген цифралар "2023" деген цифраларга алмаштырылсын;
18-пункттун 18.2-пунктчасында "2022" деген цифралар "2023" деген цифраларга алмаштырылсын;
19-пункттун 19.2-пунктчасында "2022-жылдын 20-декабры" деген сөздөр "2023-жылдын 30-ноябры" деген сөздөргө алмаштырылсын;
29-пункттун 29.3, 29.4, 29.5-пунктчаларында "2023" деген цифралар "2023-жылдын 20-декабрына" деген сөздөргө алмаштырылсын;
43-пунктта "2022" деген цифралар "2023" деген цифраларга алмаштырылсын;
47-пунктта "2022" деген цифралар "2023" деген цифраларга алмаштырылсын;
48-пункттун 48.1, 48.2-пунктчаларында "20-сентябры" деген сөздөр "30-декабры" деген сөздөргө алмаштырылсын;
50-пунктта "2022-жылдын 30-июну" деген сөздөр "2023-жылдын 1-сентябры" деген сөздөргө алмаштырылсын;
57-пунктта "2022" деген цифралар "2023" деген цифраларга алмаштырылсын;
68-пункттун 68.4-пунктчасында "2022-жылдын 20-майы" деген сөздөр "2023-жылдын 30-ноябры" деген сөздөргө алмаштырылсын;
74-пункттун 74.1-пунктчасында "2022-жылдын 20-майы" деген сөздөр "2023-жылдын 30-ноябры" деген сөздөргө алмаштырылсын;
82-пункттун 82.1, 82.2-пунктчаларында "2022" деген цифралар "2023" деген цифраларга алмаштырылсын;
83-пунктта "2022" деген цифралар "2023" деген цифраларга алмаштырылсын;
84-пункттун 84.1-пунктчасында "2022" деген цифралар "2023" деген цифраларга алмаштырылсын;
90-пункттун 90.2-пунктчасында "2022" деген цифралар "2023" деген цифраларга алмаштырылсын;
93-пункттун 93.2-пунктчасында "2022" деген цифралар "2023" деген цифраларга алмаштырылсын;
29-пункттун 29.2-пунктчасы күчүн жоготту деп таанылсын;
50-пункттун "Иш-чара/Иш-аракет" графасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Уруксат берүүчү документтерди: лицензияларды, чет мамлекеттердин аймагында жүрүүгө уруксаттын бланктарын жана ири габариттүү жана бөлүнбөс жүктөрдү ташууга атайын уруксаттарды алуу үчүн өтүнмөлөрдү иштеп чыгуу функциясын киргизүү боюнча "Электрондук транспорттук контроль" автоматташтырылган маалыматтык системасын жеткире иштеп чыгуу";
51-пунктта "Жооптуу аткаруучулар" графасында "ТКМ" деген аббревиатура "ЖАМА" деген аббревиатурага алмаштырылсын;
- пайдаланылган кыскартуулардын тизмеси төмөнкүдөй мазмундагы жыйырма бешинчи абзац менен толукталсын:
"ЖАМА - Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттиги.".
2. Пландын пункттарын аткарбагандыгы үчүн министрликтердин, административдик ведомстволордун жетекчилеринин жеке жоопкерчилиги белгиленсин.
3. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.У.Жапаров |