Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 21-декабры № 687
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 6-майындагы № 213 "Жарандык коргонуу жаатындагы эскертүүлөрдү берүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
"Жарандык коргонуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 71-беренесин ишке ашыруу жана Кыргыз Республикасында өзгөчө жана кризистик кырдаалдарда бирдиктүү маалыматтык-башкаруучулук системасынын иштөөсүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, ошондой эле "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 6-майындагы № 213 "Жарандык коргонуу жаатындагы эскертүүлөрдү берүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Жарандык коргонуу жаатындагы эскертүүлөрдү берүүнүн тартиби жөнүндө жободо:
- 2-пунктта "Өкмөтүнүн" деген сөз "Президентинин" деген сөзгө алмаштырылсын;
- 3-пунктта:
биринчи абзацта "Өкмөтүнүн" деген сөз "Президентинин" деген сөзгө алмаштырылсын;
экинчи абзацта "келип чыгуу коркунучу" деген сөздөр "коркунучу же келип чыгышы" деген сөздөргө алмаштырылсын;
төмөнкүдөй мазмундагы абзацтар менен толукталсын:
"- Жарандык коргонуу мамлекеттик системасынын байланыш түйүндөрүнүн, башкаруу пункттарынын жана кабарлоо системаларынын туруктуу иштешин камсыз кылуу;
- өндүрүштүк, ден соолукту чыңдоочу же спорттук багыттагы, ошондой эле жарандардын массалык эс алуу суу объекттеринде коопсуздукту камсыз кылуу;
- Жарандык коргонуунун жетекчилерин, кызмат адамдарын, түзүлүштөрүн жана калкты Жарандык коргонуу жаатында даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу.";
- 11-пункт төмөнкүдөй мазмундагы абзацтар менен толукталсын:
"- Жарандык коргонуу жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунун жетекчиси, жетекчисинин орун басары;
- Жарандык коргонуу жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын суучулдар кызматынын жетекчиси, жетекчисинин орун басары жана эксперти;
- Жарандык коргонуу жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын окуу борборунун жетекчиси, жетекчисинин орун басары.".
2. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги алты айлык мөөнөттө ушул токтомдон келип чыгуучу зарыл чараларды көрсүн.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине республикалык бюджетте каралган каражаттардын эсебинен жүзөгө ашырылат.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.У.Жапаров |