Загрузка документа…
ЭҢИЛЧЕК АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИНИН
ТОКТОМ
Эңилчек айылдык аймагынын айылдык кеӊешинин XVIII чакырылышы 8 сессиясы
2023-жылдын 17-майындагы № 8
Эӊилчек айылдык аймагында жергиликтүү
маанидеги маселелерди башкаруунун
тартибин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын негизинде, Эӊилчек айылдык аймагын айылдык кеӊеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Эӊилчек айылдык аймагында жергиликтүү маанидеги маселелерди башкаруунун тартиби бекитилсин, тиркелет.
2. Токтом Мыйзам чегинде каттоодон өткөрүлүп, юстиция башкармалыгына көчүрмөсү жиберилсин.
3. Токтомдун аткарылышы Эӊилчек айылдык аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Б.А. Усубакуновго жүктөлсүн.
Төрага | А.У. Исмаилова |
|
| Эңилчек айылдык аймагынын айылдык кеӊешинин 2023-жылдын 17-майындагы № 8 токтому менен бекитилди |
Эӊилчек айылдык аймагынын жергиликтүү
маанидеги маселелерди башкаруунун тартиби
1. Жалпы жоболор жана терминдер.
1.1. Жергиликтүү маанидеги маселелрди башкаруунун тартибин бекитүү боюнча жергиликтүү кеӊештин компетенциясын аныктоочу Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 27, 34-беренелеринин 2-пунктунун 1-бөлүгүнүн талаптарына ылайык иштелип чыккан.
1.2. Бул тартип Эӊилчек айылдык аймагынын айыл өкмөтүнө өзүнүн компетенциясынын чегинде жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө карата талаптарды белгилейт.
1.3. Негизги терминдер:
Жергиликтүү маанидеги маселелер – жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана алардын кызмат адамдары тарабынан, ошондой эле жарандардын түздөн-түз эркин билдирүү жолу менен чечилүүчү тиешелүү аймактагы калктын түрмүш-тиричилик аракеттерин камсыз кылуу маселелери;
Компетенция – мамлекеттик органдын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын юридикалык жактан белгиленген укуктар менен милдеттердин жыйындысы;
Көзөмөл – ыйгарым укуктуу орган тарабынан учурдагы кырдаалдын толуктугуна, аткаруучуга жүктөлгөн тапшырманын аткарышылынын сапатына, белгиленген көрсөткүчтөргө же кабыл алынган стандарттарга ылайык келүүсүнө баа берүү процесси;
Мониторинг жана балоо – башкаруу субъектине башкарылуучу объектке эффективдүү таасир көрсөтүү максатында белгилүү бир объекттин ишине таасир этүүчү маалыматтарды системалуу чогултуу, сактоо, иштетүү, талдоо жана балоо процесси;
Милдеттеме – жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын керектөөчүлөргө (юридикалык же физикалык жактарга) белгилүү бир сумманы кызмат көрсөтүүлөр/товарлар, жумуштар, жөлөкпулдар, компенсациялар жана башка акчалай төлөм түрүндө төлөп берүү же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын материалдык-техникалык камсыздоо маселелерин, келишим милдеттенмелеринин. Ченемдик укуктук актыларды аткаруунун алкагында чечүү;
Уюштуруу – жергиликтүү маанидеги жана берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардагы маселелерди чечүүдө натыйжаларга жетишүүгө багытталган жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын уюштуруучулук-укуктук, уюштуруу-техникалык чараларынын жана тескөөчүлүк иш-аракеттеринин комплекси;
Ыйгарым укук – мамлекеттик бийлик органдарынын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын белгилүү бир ишти жүзөгө ашыруу үчүн аларга жүктөлгөн функцияларды аткарууга багытталган КРнын Мыйзамдарында каралган укугу;
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын башкаруу функциясы – бул уюмдардын, ишканалардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өзүнө жүктөлгөн ыйгарым укуктардын чегинде жергиликтүү маанидеги меселени чечүү боюнча уюштуруучулук-укуктук, уюштуруучулук-техникалык, уюштуруучулук-тескөөчүлүк шарттарды түзүүгө байланышкан типтүү маселелерди чечүүдөн турган (пландаштыруу, жөнгө салуу, контролдоо), жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын туруктуу, циклдик түрдө кайталанып турган аракеттери;
Башкаруу – уюмдун максатына же конкретүү маселени чечүүгө багытталган жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан божомолдоо (прогноздоо), пландаштыруу, уюштуруу, мотивациялоо, координациялоо жана контролдоо процесси;
Кызмат – юридикалык жана жеке жактардын коомдук жыргалчылыкка муктаждыктарын канааттандырууга. Алардын кнституциялык укуктарын жана коом алдындагы милдеттерин ишке ашырууга багытталган жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иш-аракети.
2. Бул тартипти даярдоо жана ишке ашыруу этаптары
2.1. Бул тартип жергиликтүү маанидеги маселени чечүү боюнча айыл өкмөтүнүн төмөнкү иш-аракеттерин камтыйт:
- жергиликтүү маанидеги маселелерди пландаштыруу;
- жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү процессин уюштуруу, жүзөгө ашыруу;
- жергиликтүү маанидеги маселелердин чечилишине мониторинг, баалоо, көзөмөл жүргүзүү.
2.2. Жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү боюнча милдеттерди жана чараларды пландаштыруу жергиликтүү жамаатын социалдык-экономикалык өнүктүрүү программаларын, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын. Ошондой эле анын мекемелеринин/ишканаларынын жылдык иш пландарын иштеп чыгуу алкагында ишке ашырылат.
2.3. Жергиликтүү маанидеги өзүнчө маселени чечүүнү уюштуруу өзүнө жергиликтүү маанидеги маселени чечүү боюнча функцияларды, кызмат көрсөтүүлөрдү, милдеттенмелерди иштеп чыгуу жана белгилөө боюнча иш-аракеттерди камтыйт.
2.4. Функциялардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн, милдеттердин тизмесин түзүү үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы төмөндөгүдөй ырааттуу иш-чараларды жүзөгө ашырат:
№ 1 кадам – айыл өкмөтү жергиликтүү маанидеги тиешелүү маселени чечүү боюнча айыл өкмөтүнө жүктөлгөн функциялардын, кызматтардын, милдеттердин бөлүгүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына талдоо жүргүзүлөт;
№ 2 кадам – айыл өкмөтү талдоолордун жыйынтыгынын негизинде айыл өкмөтүндө болгон ыйгарым укуктарына жана анын материалдык/финансылык мүмкүнчүлүктөрүнө ылайык келген функциялар, кызматтар/иштер, милдеттенмелер тандалып алынат;
№ 3 кадам – айыл өкмөтү жергиликтүү маанидеги тиешелүү маселени чечүүнүн планын иштеп чыгат. Жергиликтүү маанидеги бул маселени чечүү үчүн зарыл болгон функциялар, кызматтар, милдеттер пландан бөлүнүп белгиленет;
№ 4 кадам – айыл өкмөтү жергилитүү маанидеги тиешелүү маселени чечүү боюнча функциялардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн, милдеттердин тизмесин бекитүү үчүн жергиликтүү кеӊештин токтомунун долбоорун иштеп чыгат;
№ 5 кадам – жергиликтүү кеӊштин регламентине ылайык, кеӊештин токтомунун долбоору жергиликтүү коомчулукка кеӊири маалымат берүү менен коомдук талкуудан өтөт;
№ 6 кадам – жергиликтүү кеӊеш жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү боюнча иш-милдеттердин, кызмат көрсөтүүлөрдүн, милдеттердин, кызмат көрсөтүүлөрдүн, милдеттердин тизмесин бекитүү үчүн кеӊештин токтомун кабыл алат (жергиликтүү кеӊештин типтүү токтомунун формасы 1-тиркемеде, жергиликтүү кеӊештин токтомунун үлгүлөрү тиркемелеринде келитирилген).
2.5. Айыл өкмөтү жергиликтүү маанидеги тиешелүү маселени чечүү боюнча тараптардын аракеттерин координациялоо жөнүндө чечим кабыл алат, ал төмөнкү чараларды камтыйт:
- жергиликтүү маанидеги маселени чечүү боюнча милдеттерди, чараларды жана кызмат адамдарынын ортосунда жоопкерчиликти бөүштүрүү;
- кызмат көрсөтүүчүнү, иштерди аткаруу үчүн подрядчыны тандоо/дайындоо жол-жобосун/процедурасын жүргүзүү;
- көрсөтүлгөн кызматтын баасын аныктоо (зарыл болгон учурда);
- жарандардын айрым категорияларын кызмат көрсөтүүлөр үчүн акы төлөөдөн жарым-жартылай же толук бошотуу боюнча компенсациялык чараларды белгилөө (зарыл болгон учурда);
- жергиликтүү маанидеги маселени чечүүдө каржылоо жана материалдык колдоо булактарын аныктоо;
- жергиликтүү маанидеги тиешелүү маселени чечүүгө байланышкан башка чаралар.
2.6. Ушул эреженин 2.5.-пунктунда көрсөтүлгөн чаралар жергиликтүү кеӊеш тарабынан бекитилүүчү ченемдик укуктук акт түрүндө, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын чечимдеринин негизинде көрүлүшү мүмкүн.
3. Жарандардын жергиликтүү маанидеги маселелерди талкуулоо
жана башкаруу процесстерине катышуусу
3.1. Бул тартиптин эрежелерин ишке ашыруунун бардык этаптарында жергиликтүү жамаат жергиликтүү маанидеги тиешелүү маселени чечүү боюнча милдеттерди жана чараларды талкуулоого кеӊири тартылат.
3.2. Айыл өкмөтү жергиликтүү жамаатка жергиликтүү маанидеги тиешелүү маселеге карата аткарылып жаткан милдеттер жана чаралар жөнүндө кеӊири маалымат берет. Аны маалыматтык такталарды пайдалануу, айылдык аймагынын веб-сайтына, социалдык тармактарга жана маалымат берүүнүн башка ыкмаларын колдонуу аркылуу жүзөгө ашырат.
3.3. Жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү боюнча демилгелөө, милдеттерди жана иш-чараларды талкуулоо процесстерине жарандарды тартуу максатында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жарандардын демилгелүү топторун, ошондой эле жергиликтүү маанидеги тиешелүү маселени чечүү үчүн айыл өкмөтүндө жумушчу топ түзүү сунушталат.
3.4. Айыл өкмөтү жергиликтүү жамааттын. Коммерциялык эмес уюмдардын өкүлдөрүн тартуу менен жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү процессине мониторинг жүргүзүү жана баалоо системасын иштеп чыгат жана бекитет.
3.5. Мониторингтин жана баалоонун натыйжалары жергиликтүү кеӊеш тарабынан өз жыйналыштарында каралат.