Загрузка документа…
|
| Тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 29-мартындагы N 142 токтомуна) |
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Эне жана баланы коргоо улуттук борбору жөнүндө ЖОБО
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 3- февралындагы № 54 токтомунун редакциясына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1. Бул Жобо Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун (мындан ары - Борбор) ишинин тартибин аныктайт. Борбор жогорку технологиялык жабдууларды, илимдин алдынкы жетишкендиктерин колдонуу менен акушердик жана гинекология, неонатология, педиатрия жана балдар хирургиясы жаатында адистештирилген медициналык-санитардык жардам көрсөтүүчү, жогорку квалификациялуу жана фундаменталдык жана прикладдык медицина жаатында дарылоо-профилактикалык ишти, илимий изилдөөлөрдү жүргүзүүчү медициналык кадрларды тартуу менен саламаттык сактоонун үчүнчү деңгээлиндеги мамлекеттик дарылоо-профилактикалык, илимий-изилдөө мекемеси болуп саналат.
2. Борбор юридикалык жак болуп саналат, уюштуруучулук-укуктук формада - финансы-чарбалык жана укуктук өз алдынчалыгы, өзүнчө мүлкү, өз алдынча балансы, финансы-кредиттик мекемелерде эсептик жана башка эсептери бар, мамлекеттик жана расмий тилдерде аталышы менен тегерек мөөрү жана штампы бар мекеме.
3. Борбор мыйзамда каралган жарандык-укуктук бүтүмдөрдү жүзөгө ашырат, сотто доогер жана жоопкер катары чыгат жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген укуктарга жана милдеттерге ээ.
4. Борбор өзүнүн ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, "Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө", "Илим жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомдорун, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин буйруктарын, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.
5. Борбордун уюштуруучусу болуп Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети саналат.
6. Борбордун иши Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жана илим чөйрөсүндөгү мыйзамдарында аныкталган учурда жана тартипте мамлекеттик аттестациядан/аккредитациядан өтүүгө тийиш.
7. Борбордун юридикалык дареги: 720038, Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Ахунбаев көчөсү, 190.
8. Борбордун расмий аталышы:
- мамлекеттик тилде: "Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Эне жана баланы коргоо улуттук борбору";
- расмий тилде: "Национальный центр охраны материнства и детства при Министерстве здравоохранения Кыргызской Республики".
Кыскартылган фирмалык аталышы:
- мамлекеттик тилде: "ЭжБКУБ";
- расмий тилде: "НЦОМиД".
9. Борбор өзүнүн курамында юридикалык жакты түзбөстөн, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги бекиткен жобонун негизинде иштеген өзүнчө бөлүмдү (филиалды) камтыйт.
2-глава. Борбордун максаты жана милдеттери
10. Борбордун ишинин максаты калкка жеткиликтүү, сапаттуу жана коопсуз медициналык-профилактикалык жардам көрсөтүү, ошондой эле илимий-изилдөөчүлүк, өндүрүштүк иштерди жүргүзүү, республиканын социалдык-экономикалык өнүгүшүнө олуттуу салым кошууга жөндөмдүү Борбордун профили боюнча инновациялык продукцияны иштеп чыгуу болуп саналат.
11. Борбордун милдеттери:
1) акушердик, гинекология, педиатрия, неонатология жана балдар хирургиясы жаатында калкка жогорку адистештирилген, жогорку квалификациялуу жана жогорку технологиялык жардам көрсөтүү;
2) Кыргыз Республикасынын энелердин жана балдардын оорусун, майыптыгын жана өлүмүн кыскартууга багытталган, далилдүү медицинанын принциптерин пайдалануу менен саламаттык сактоону өнүктүрүү жана реформалоо программасы менен аныкталган саламаттык сактоо жаатындагы мамлекеттик саясатты ишке ашыруу;
3) акушердик, гинекология, педиатрия, неонатология жана балдар хирургиясы жаатында натыйжалуу профилактикалык системаны түзүүгө илимий-практикалык жардам берүү жана сапаттуу медициналык жардам көрсөтүү;
4) жаңы жогорку натыйжалуу жана жогорку технологиялык мамилелерди, анын ичинде дени сак жана оорулуу аялдарды жана балдарды профилактикалоо, диагностикалоо, дарылоо жана реабилитациялоо методдорун иштеп чыгуу жана ишке ашыруу;
5) акушердик, гинекология, педиатрия, неонатология жана балдар хирургиясы боюнча фундаменталдык жана колдонмо илимий изилдөөлөр жаатында инновациялык технологияларды түзүү жана координациялоо;
6) Борбордун илимий ишинин багыттары боюнча фундаменталдык жана прикладдык изилдөөлөрдү жүргүзүү;
7) илимий-изилдөөчүлүк жана тажрыйба-конструктордук иштерди жүргүзүүдө жеке сектордун (бизнес-түзүмдөрдүн) инновациялык потенциалын жана натыйжалуулугун пайдаланууга;
8) инфраструктуралык объекттерди жана/же инфраструктуралык кызмат көрсөтүүлөрдү түзүү жана/же модернизациялоо, эксплуатациялоо жана күтүү боюнча долбоорлорду иштеп чыгуу жана ишке ашыруу максатында мамлекеттик жана жеке өнөктөштөрдүн ортосундагы кызматташуу;
9) Борбордун профили боюнча жогорку квалификациялуу илимий жана илимий-педагогикалык кадрларды даярдоо.
3-глава. Борбордун укуктары жана милдеттери
12. Борбор төмөнкүдөй укуктарга ээ:
1) ушул Жобого ылайык акушердик, гинекология, педиатрия, неонатология жана балдар хирургиясы жаатында ишти жүзөгө ашыруу;
2) саламаттык сактоо чөйрөсүндө улуттук жана мамлекеттик программаларды ишке ашырууга катышууга;
3) медициналык жардам алуу үчүн кайрылган жарандардан алардын ден соолугунун абалы, медициналык иш менен алектенген башка адамдар тарабынан жүргүзүлгөн дарылоонун натыйжалары жөнүндө зарыл маалыматтарды алууга;
4) белгиленген тартипте убактылуу эмгекке жарамсыздык баракчаларын, өлгөндүгү жөнүндө күбөлүктү, оору таржымалынан көчүрмөлөрдү, маалымкаттарды, эксперттик корутундуларын берүүгө;
5) Борбордун тематикасына байланыштуу айрым маселелерди чечүү же иштелмелерди жүргүзүү үчүн белгиленген тартипте туруктуу же убактылуу илимий-изилдөө топторун (анын ичинде чет өлкөлүк өнөктөштөр менен) түзүүгө;
6) Борборго каралган саламаттык сактоонун консолидацияланган каражаттары боюнча чыгымдардын сметасын иштеп чыгууга жана ишке ашырууга;
7) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө мыйзамдарына ылайык саламаттык сактоо жаатында программаларды ишке ашыруу үчүн зарыл болгон дары-дармек каражаттарын жана чыгымдалуучу материалдарды, медициналык жабдууну сатып алууга;
8) Борбордун профили боюнча оорулууларды дарылоо үчүн республикалык бюджеттин каражаттарынан борборлоштурулуп сатып алынган, ошондой эле гранттар жана гуманитардык жардам түрүндө алынган дары-дармек каражаттарын жана медициналык буюмдарды алууга;
9) акы төлөнүүчү кызматтарды көрсөтүүгө жана алынган кирешелерди Борборду өнүктүрүүгө, инфраструктурасын күтүүгө, илимий изилдөөлөрдү колдоого, кадрларды даярдоого, Борбордун кызматкерлерин социалдык коргоого жана анын материалдык-техникалык базасын чыңдоого пайдаланууга;
10) мамлекеттик жана жеке уюмдар менен жумуштарды аткарууга, медициналык жана башка кызматтарды көрсөтүүгө келишим түзүүгө;
11) Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине Борбордун илимий-изилдөө, консультациялык, дарылоо-диагностикалык бөлүмдөрүн түзүү жөнүндө сунуштарды киргизүүгө;
12) Борбордун профилине ылайык келген адистиктер боюнча медициналык кызматкерлерди (врачтарды, медицина айымдарын) аттестациялоого катышууга;
13) биргелешип аткаруучу мекемелерге илимий-методикалык жардам көрсөтүүгө, аларды илимий-изилдөө иштерин аткарууга тартуу;
14) илимий жана илимий-техникалык программалардын жана долбоорлордун сынактарына катышууга;
15) Борбордун профили боюнча башка илимий жана башка уюмдар менен түз байланыштарды өнүктүрүүгө;
16) белгиленген тартипте ассоциацияларга, союздарга, бирикмелерге, анын ичинде эл аралыктарга кирүүгө;
17) илимий эмгектерди, мезгилдүү жана сериялык басылмаларды басып чыгарууга, илимий-техникалык маалыматтар базасын түзүүгө, конференцияларды жана башка илимий иш-чараларды өткөрүүгө;
18) илимий жана илимий-техникалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатууга, аспирантура (адъюнктура), докторантура, PhD докторантурасы/профиль боюнча докторантура аркылуу адистерди даярдоого;
19) белгиленген тартипте илимий даражаны изденип алуу үчүн диссертацияларды коргоо жана илимий наамдарды ыйгаруу боюнча кеңештерди түзүүгө катышууга;
20) илимий, илимий-техникалык жана илимий-инновациялык иштин натыйжаларын сатуудан кирешелерди алууга;
21) илимий-техникалык кеңешти түзүүгө;
22) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген иштин башка түрлөрүн жүргүзүүгө.
13. Борбор төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык каттоодон (кайра каттоодон) өтүүгө;
2) өлкөнүн саламаттык сактоо муктаждыктарына ылайык илимий, илимий-техникалык, инновациялык ишти активдештирүүгө;
3) илимий иштин башка субъекттеринин укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын сактоого;
4) тиешелүү илимий-изилдөө иштерин жүргүзүү үчүн зарыл шарттарды түзүүгө;
5) заманбап атаандаштыкка жөндөмдүү продуктуну, технологияны, кызмат көрсөтүүнү, ошондой эле өндүрүштүк, административдик, коммерциялык, социалдык же башка мүнөздөгү уюштуруучулук-техникалык чечимдерди иштеп чыгууга;
6) ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда Борбордун интеллектуалдык ишинин натыйжасын каттоого;
7) акушердик, гинекология, педиатрия, неонатология жана балдар хирургиясы жаатында илимий жана илимий-техникалык иш чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты өркүндөтүү боюнча сунуштарды киргизүүгө;
8) мамлекеттик органдар, башка илимий уюмдар, ЖОЖдор жана жеке сектор менен байланыштарды чыңдоого;
9) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өзүнүкүн иштеп чыгуунун, ата мекендик жана чет өлкөлүк технологияларды өздөштүрүүнүн эсебинен Борбордун ишинин натыйжалуулугун жогорулатууга;
10) мамлекеттик илимий инфраструктураны талаптагыдай абалда сактоого, илимий инфраструктураны өркүндөтүү боюнча тиешелүү чараларды көрүүгө;
11) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган каржылоо булактарын издөөгө;
12) Борборго оперативдүү башкарууга берилген негизги, жүгүртүү фонддорун жана мамлекеттик мүлктү максаттуу пайдаланууну камсыз кылууга;
13) илимий-маалыматтык иштерди жүргүзүүгө;
14) илимдин, анын ичинде алардын ишин жана ишинин продуктусун популярдаштыруунун эсебинен илимдин ролун жогорулатууга;
15) Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин жана Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин тапшырмасы боюнча билим берүүнү, илимди жана өндүрүштү өнүктүрүү жана интеграциялоо боюнча аналитикалык маалымкаттарды жана сунуштамаларды даярдоого;
16) өзүнүн иши үчүн зарыл болгон башка иштерди жүргүзүүгө;
17) илимий кызматкерлерди 5 жылда бир жолудан кем эмес аттестациядан өткөрүүгө;
18) Борбордун профили жана деңгээли боюнча калкты жеткиликтүү, өз убагында, сапаттуу, квалификациялуу жана зарыл болгон көлөмдө кечиктирилгис медициналык-санитардык жардам көрсөтүүгө;
19) экстремалдык шарттарда (эпидемиялар, өзгөчө кырдаалдар, аскердик абал, табигый кырсыктар, жетүүгө кыйын жана кооптуу шарттарда иштөө) ишке даярдыгын камсыз кылууга;
20) санитардык-гигиеналык жана эпидемияга каршы режимдерди сактоого;
21) окшош саламаттык сактоо кызматтары менен өз ара аракеттенүүнү камсыз кылууга;
22) сергек жашоо образын пропагандалоону жана калкты санитардык-гигиеналык тарбиялоону жүргүзүүгө;
23) студенттерди практикалык окутуу, келишимдик негизде кадрларды даярдоо жана кайра даярдоо маселелери боюнча жогорку жана орто медициналык кесиптик окуу жайлары менен өз ара аракеттенүүнү камсыз кылууга;
24) бюджеттик каражаттардын кыймылынын жана мамлекеттик бюджеттин каражаттары боюнча отчеттуулукту берүүнүн казыналык жол-жоболорунун регламентин сактоого;
25) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык бухгалтердик эсепти жана отчеттуулукту жүргүзүүгө;
26) Кыргыз Республикасынын жарандарын медициналык-санитардык жардам менен камсыз кылуу боюнча мамлекеттик кепилдиктер программасын аткаруу үчүн эсептешүүлөр боюнча Бирдиктүү төлөөчүнүн банк-агентиндеги бирдиктүү учурдагы эсепти пайдаланууга;
28) бекитилген отчеттуулуктун бардык түрлөрүн белгиленген тартипте берүүгө;
29) Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык финансылык каражаттарды максаттуу багыты боюнча пайдаланууга;
30) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка иш-чараларды жүргүзүүгө.
4-глава. Борбордун түзүмү
14. Борбордун түзүмү жана штаттык расписаниеси Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги менен макулдашуу боюнча директор тарабынан бекитилет.
15. Илимий жана илимий-техникалык иш боюнча кабыл алынган чечимдердин коллегиалдуулугун камсыз кылуу максатында илимий-техникалык кеңеш түзүлөт.
5-глава. Борборду башкаруу
16. Борборго жетекчиликти директор жүзөгө ашырат.
17. Борбордун директору Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министринин сунушу боюнча жана Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги менен макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат.
Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министри Борбордун директорунун кызмат ордуна Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан дайындалган адам менен беш жылдык мөөнөткө эмгек келишимин түзөт.
Директор эмгек келишимин түзгөндөн кийин кызматтык милдеттерин аткарууга киришет. Бир эле адам бир илимий уюмда эки мөөнөттөн ашык Борбордун директорунун кызмат ордуна дайындалышы мүмкүн эмес.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Борбордун директорун сунушсуз эле өзүнүн демилгеси боюнча кызмат ордуна дайындоого жана бошотууга укуктуу.
Борбордун директору Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарында каралган негиздер боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан ээлеген кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотулушу мүмкүн.
18. Борбордун директорунун кызмат ордун төмөнкү квалификациялык талаптарга жооп берген адамдар ээлей алат:
1) жогорку кесиптик билими;
2) илимий даражасы;
3) илимий, илимий-педагогикалык, уюштуруучулук иш стажы жалпысынан 5 жылдан кем эмес жана жетекчилик кызмат орундарында 5 жылдан кем эмес иш стажы.
19. Борбордун директору төмөнкүлөрдү билүүгө тийиш:
1) саламаттык сактоо, билим берүү, илим жана инновациялар чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актыларды;
2) уюмду башкаруунун теорияларын жана методдорун;
3) илимий кадрларды даярдоо чөйрөсүнө тиешелүү методикалык жана ченемдик документтерди;
4) эмгек, финансы мыйзамдарынын негиздерин;
5) профиль боюнча фундаменталдык жана колдонмо илимдердеги илимий жетишкендиктерди;
6) илимий жетишкендиктерди жана чет өлкөлүк илимий уюмдардын тажрыйбасын;
7) орто мөөнөттүү мезгилге илим жана клиникалык иш тармагын өнүктүрүү чөйрөсүн өнүктүрүү көз карашы (концепция, иштелме, технология же план) болууга.
20. Борбордун директору жок болгон учурда (иш сапарда, убактылуу эмгекке жарамсыздыкта, өргүүдө, кызмат ордунан бошотулганда) анын милдеттерин директордун орун басары аткарат.
21. Борбордун директорунун орун басары (орун басарлары) Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги менен макулдашуу боюнча директор тарабынан дайындалат.
22. Борбордун директору:
1) өз ишинде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин жана Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин буйруктарын, ички эмгек тартибинин эрежелерин жана ушул Жобону жетекчиликке алат;
2) Борборду жеке башчылык принциптеринде башкарат жана илимий уюмдун максаттарын, милдеттерин жана функцияларын ишке ашыруунун сапаты үчүн жеке жоопкерчилик тартат;
3) финансылык каражаттарды тескейт, банк мекемелеринде улуттук жана чет өлкөлүк валютада алыш-бериш жана башка эсептерди ачат, эсепке алуунун жана отчеттуулуктун аныктыгы үчүн жооп берет, финансылык тартипти сактайт;
4) Борбордун карамагында турган мүлктүн жана башка материалдык баалуулуктардын максаттуу пайдаланылышы жана сакталышы үчүн жоопкерчилик тартат;
5) Борбордун түзүмдүк бөлүмдөрүнүн ишин уюштурат, координациялайт жана контролдойт;
6) Кызматкерлерди ишке алат жана бошотот, алардын кызматтык милдеттерин аныктайт, кадрларды даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу үчүн шарттарды түзөт, кызматкерлердин эмгек укуктарынын сакталышы үчүн жоопкерчилик тартат;
7) илимий кызматкерлердин илимий чыгармачылык эркиндигин өнүктүрөт;
71) коррупцияны алдын алуунун ички системасын түзүүгө жана иштешин камсыз кылууга жеке жоопкерчилик тартат;
8) мамлекеттик сырды түзгөн маалыматтардын корголушу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын сакталышы жана аткарылышы үчүн жоопкерчилик тартат;
9) Борбордун иши үчүн зарыл болгон башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 3- февралындагы № 54 токтомунун редакциясына ылайык)
6-глава. Борбордун илимий-техникалык кеңеши
23. Илимий-техникалык кеңеш Борбордун консультациялык-кеңеш берүүчү органы болуп саналат. Борбордун илимий-техникалык кеңешинин мүчөлөрү Борбордун директорунун сунушу боюнча илимий кызматкерлердин, адистердин жана административдик-башкаруучу персоналдын жалпы чогулушунда жашыруун добуш берүү менен 3 жылдык мөөнөткө шайланат. Илимий кызматкерлердин, адистердин жана административдик-башкаруу персоналынын жалпы чогулушуна эмгек жамаатынын курамынын жарымынан көбү катышса, чечим кабыл алууга укуктуу.
Илимий-техникалык кеңештин курамына Борбордо иштебеген алдынкы окумуштуулар жана адистер, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин жана Билим берүү жана илим министрлигинин өкүлдөрү кириши мүмкүн.
24. Эгерде жыйналышка анын курамынын үчтөн экисинен кем эмеси катышса, Илимий-техникалык кеңеш чечим кабыл алууга укуктуу. Илимий-техникалык кеңештин чечимдери эгерде алар үчүн добуш берүүгө катышкан илимий-техникалык кеңештин мүчөлөрүнүн жарымынан көбү добуш берсе, кабыл алынды деп эсептелет.
25. Борбордун директору Илимий-техникалык кеңештин төрагасы болуп саналат.
7-глава. Борборду каржылоо булактары
26. Борборду каржылоо булактары болуп төмөнкүлөр саналат:
1) республикалык бюджет;
2) милдеттүү медициналык камсыздандыруу каражаттары;
3) билим берүү жана илим чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын илим фонду;
4) атайын эсептердеги каражаттар, анын ичинде кошумча төлөмдөр;
5) жеке жана юридикалык жактардын ыктыярдуу каражаттары;
6) кредиттер жана гранттар;
7) илимий-изилдөө, басма, консультациялык жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган киреше алып келүүчү башка иштерден түшкөн каражаттар;
8) чет өлкөлүк жана мамлекеттик инвестициялар.
27. Борбор Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык оперативдүү башкаруу жана ижара укугунда мүлккө ээ болушу мүмкүн.
28. Борбордун ишин контролдоо Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан жүзөгө ашырылат.
8-глава. Корутунду жоболор
29. Борборду кайра уюштуруу жана жоюу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими менен жүзөгө ашырылат.
30. Борбордун документтери "Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык сакталат жана пайдаланылат.