Редакцияот 19.03.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КЫЗ-КӨЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Кыз-Көл айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын XV сессиясынын

 

2024-жыл 19-марты №1

 

“Кыз-Көл айыл аймагынын айылдык кенеши” мекемесинин кайра каттоо жөнүндө”

        

    Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы №370 “Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө” Жарлыгын,Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 7-февралындагы №24 “Пилоттук режимде жүргүзүлүп жаткан административдик-аймактык реформанын алкагында жергиликтүү кеңештердин иши жөнүндө убактылуу жобону бекитүү тууралуу” Жарлыгын,Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин 92-беренесин,”Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”мыйзамын жана Кыргыз Респуьликасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 31-мартындагы №178 токтому менен бекитилген “Юридикалык жактарды,филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү)мамлекеттик каттоонун тартиби жөнүндө” Жобону жетекчиликке алып,Кыз-Көл айылдык Кеңеши токтом кылат:

 

1. “Кыз-Көл айыл аймагынын айылдык кенеши” мекемесинин болуп кайра түзүлсүн.

Юридикалык жактын толук фирмалык аталышы

-Мамлекеттик тилде: “Кыз-Көл айыл аймагынын айылдык кенеши” мекемесинин

-Расмий тилде: Учреждение “Айыльный кенеш Кыз-Кольского айылного аймака”.

Кыскартылган фирмалык аталышы:

-Мамлекеттик тилде: “Кыз-Көл айыл аймагынын айылдык кенеши”М-и.

Расмий тилде У-е“Айыльный кенеш Кыз-Кольского айылного аймака”.

 

2.  “Кыз-Көл айыл аймагынын айылдык кенеши” мекемесинин Жобосу бекитилсин.

 

3.  “Кыз-Көл айыл аймагынын айылдык кенеши” мекемесинин юридикалык дареги болуп,Кыргыз Республикасы,Жалал-Абад облусу,Сузак району,Чымчык-Жар айылы,Т.Сатаров көчөсү №26 болуп аныкталсын.

4.  Мекеме Кыргыз Республикасынын иштөөдөгү мыйзамдарына ылайык өз алдынча башкаруу органдын веб сайтына жайгаштырылсын жана Кыргыз Республикасынын юстиция органдарына мамлекеттик каттоодон өткөрүлсүн.

 

5.  Токтомдо көрсөтүлгөн маалыматтардын,ошондой эле мамлекеттик кайра каттоо үчүн тапшырылган документтердеги аныктыгы ырасталат.

 

Төрага:

 

К.Кушбаков