Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2024-жылдын 22-январы ПЖ № 5
Кыргыз Республикасынын экономикасын динамикалуу өнүктүрүү үчүн полиметаллдарды жана сейрек кездешүүчү жер элементтерин казып алуу боюнча улуттук долбоорду ишке ашыруу жөнүндө
Технологиялардын тез өнүгүшү жана жогорку технологиялык түзүлүштөрдү өндүрүү үчүн зарыл болгон металлдардын ар кандай түрлөрүнө жана сейрек кездешүүчү жер элементтерине суроо-талаптын өсүшү менен өлкөнү ушул ресурстардын жеке булагы менен камсыз кылуу маселеси өтө маанилүү болуп эсептелет. Бул контекстте Полиметаллдарды жана сейрек кездешүүчү жер элементтерин казып алуу боюнча улуттук долбоорду (мындан ары - Долбоор) ишке ашыруу артыкчылыктуу милдет болуп калууда.
Полиметаллдардын жана сейрек кездешүүчү жер элементтеринин дүйнөлүк рыногуна жүргүзүлгөн экономикалык талдоонун натыйжалары боюнча азыркы убакта бул стратегиялык маанилүү ресурстарга суроо-талаптын туруктуу өсүшү байкалууда. Неодим сыяктуу сейрек кездешүүчү жер элементтери жогорку технологиялык түзүлүштөрдү, магниттерди, катализаторлорду өндүрүүдө колдонулат, ошондой эле аскердик жана космостук өнөр жай үчүн чечүүчү мааниге ээ.
Негизинен чектелүү сандагы өлкөдө жайгашкан полиметаллдарды жана сейрек кездешүүчү жер элементтерин жеткирүүчүлөр өсүп жаткан суроо-талапты камсыз кылууда кыйынчылыктарга туш болууда, бул үзгүлтүксүз жабдуу үчүн коркунуч жаратат.
Полиметаллдарды жана сейрек кездешүүчү жер элементтерин казып алууну өнүктүрүү улуттук ички дүң продуктунун өсүшүнө, жаңы технологияларды киргизүүгө жана кен казуу тармагында жана өз ара байланышкан экономикалык тармактарда олуттуу сандагы жумуш орундарын түзүүгө өбөлгө болот.
Долбоорду ишке ашырууда Долбоорду мамлекеттик колдоонун натыйжасында ички жана тышкы инвестицияларды тартуу күтүлүүдө, бул экономикага, анын ичинде кен казып алуу райондорунда инфраструктураны өнүктүрүүгө оң таасирин тийгизет, бул транспорттук, энергетикалык жана социалдык чөйрөнү жакшыртууга алып келет.
Долбоорду ишке ашыруу полиметаллдарды жана сейрек кездешүүчү жер элементтерин казып алуу боюнча милдеттерди системалуу жана комплекстүү чечүүнү болжолдойт, ошону менен өлкөнү инновациялык тармактарды өнүктүрүү жана улуттук коопсуздукту бекемдөө үчүн зарыл болгон ресурстар менен камсыз кылат.
Долбоорду ишке ашыруу үчүн шарттарды түзүү максатында токтом кылам:
1. Долбоор Кыргыз Республикасынын жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндөгү улуттук экономикалык долбоор (мындан ары - улуттук долбоор) катары ишке киргизилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети:
- улуттук долбоорду ишке ашыруу үчүн Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу "Кыргызгеология" мамлекеттик ишканасынын базасында полиметаллдардын жана сейрек кездешүүчү жер элементтеринин кендерин өткөрүп берүү менен адистештирилген илимий-өндүрүштүк уюмду кластердик негизде түзсүн;
- заманбап геологиялык жана геофизикалык методдорду колдонуу менен полиметаллдардын жана сейрек кездешүүчү жер элементтердин потенциалдуу кендерин комплекстүү изилдөөнү жүргүзсүн;
- өндүрүштүн натыйжалуулугун жогорулатуу жана айлана-чөйрөгө тийгизген таасирин азайтуу максатында металлдарды казып алуу жана кайра иштетүү процессине заманбап технологияларды киргизүү үчүн технологиялык компаниялар менен кызматташууну камсыз кылсын;
- улуттук долбоорду квалификациялуу персонал менен камсыз кылуу үчүн кен казып алуу иши жана металлдарды иштетүү жаатында адистерди окутуу программаларын түзсүн;
- улуттук долбоорду колдоо жана каржылоо үчүн республикалык бюджеттен каражаттарды бөлсүн;
- жеке компаниялардан, улуттук жана эл аралык инвестициялык фонддордон инвестицияларды активдүү тартсын.
3. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
4. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 26-январындагы № 7 (3560) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
С.Н. Жапаров |