Редакцияот 26.01.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАЙЫҢДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

2024-жылдын 26-январы № 28-18/136

 

А.Үсөнбаев атындагы орто мектебинин имаратынын жылытуу системасын жаңыртууга өздүк салым акча каражатын бекитүү жөнүндө

        А.Үсөнбаев атындагы орто мектебинин кыш мезгилине дайындык көрүү максатында республикалык дем берүүчү грант аркылуу дайындалган долбоорду ишке ашыруу үчүн;

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. А.Үсөнбаев атындагы орто мектебинин кыш мезгилине дайындык көрүү максатында өздук салым катары 720,0 миң сом акча каражаты жергиликтүү бюджеттин эсебинен бөлүп берүүгө макулдук берилсин.

 

2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы К.Узенбековко тапшырылсын.

 

 

Төрага

 

У. Кенжегараева