Редакцияот 19.06.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЭҢИЛЧЕК АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИНИН

ТОКТОМ

Эңилчек айылдык аймагынын айылдык кеӊешинин XVIII чакырылышы кезексиз сессиясы

 

 

2023-жылдын 19-июнундагы № 9

 

 

Эӊилчек башталгыч мектебинин директорунун сунушу каралып, Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын жана Эӊилчек айылдык аймагынын айылдык кеӊшинин 2023-жылдын 17-майындагы № 8 “Эӊилчек айылдык аймагында жергиликтүү маанидеги маселелерди башкаруунун тартиби” жөнүндө Токтомдун негизинде Эӊилчек айылдык аймагын айылдык кеӊеши ТОКТОМ КЫЛАТ: 

 

1. Балдардын жайкы эс алуусун уюштуруу максатында аз камсыз үй-бүлөдөгү Эӊилчек айылынын тургуну 2012-жылдын 23-февралында туулган Кудайбердиева Айбийке Адилетовнаны “Орленок” эс алуу жайына жиберүү максатында Эӊилчек айылдык аймагынын жергиликтүү бюджеттин эсебинен 8500 сом акча каражаты бөлүнсүн.

 

2. Токтомдун аткарылышынын көзөмөлдөө жагы Эӊилчек айылдык аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Б.А. Усубакуновго жүктөлсүн.

 

 

Төрага

А.У. Исмаилова