Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНЕ КАРАШТУУ ИНВЕСТИЦИЯЛАР БОЮНЧА УЛУТТУК АГЕНТТИГИ
БУЙРУК
2024 -жылдын 26-марты №1
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттигинде коррупциянын келип чыгуу тобокелдиги бар учурлардын жана кырдаалдардын
тизмегин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 31-майындагы № 293 “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу боюнча айрым чаралар тууралуу” токтомун аткаруу максатында, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 115 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө” токтомун, Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2016-жылдын 18-майындагы № 281 буйругу менен бекитилген коррупциялык тобокелдиктерди табуу, баалоо жана башкаруу боюнча Методикалык колдонмону жетекчиликке алып, буйрук кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттигинде коррупциянын келип чыгуу тобокелдиги бар учурлардын жана кырдаалдардын тизмеги (мындан ары –Тизмек), тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттигинин кадр иштери, документтик камыздоо жана аткарууну контролдоо бөлүмү жетекчиликке бир айлык мөөнөттө форма жана үлгү боюнча мамлекеттик органдагы коррупциогендик кызмат орундарынын тизмегин киргизсин.
3. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттигинин басма сөз катчысы Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттигинин ведомстволук сайтына Тизмекти жайгаштырсын.
4. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттигинин инвесторлорду укуктук коргоо бөлүмү мыйзамда белгиленген тартипте ушул буйруктун көчүрмөсүн жиберсин:
- Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине расмий жарыяланган күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде - Ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына күчүнө кирген күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде – маалымат үчүн;
- Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Антикоррупциялык ишкердик кеңешке – маалымат үчүн.
5. Бул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Директор |
Т. О. Иманов |
Тиркеме
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу
Инвестициялар боюнча улуттук агенттигин
2024-жылдын 26-мартындагы №1 буйругу менен
БЕКИТИЛГЕН
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттигинде коррупциянын келип чыгуу тобокелдиги бар учурлардын жана кырдаалдардын тизмеги
№ | Мамлекеттик органдын функциясы (ыйгарым укугу) | Коррупциянын келип чыгуу тобокелдиги бар учурлар жана кырдаалдар | Коррупциялык тобокелдиктердин категориясы: системалуу (реалдуу), потенциалдуу, кырдаалдык | Коррупциялык тобокелдиктин деӊгээлдери (төмөнкү, ортоӊку, жогорку) | Түзүмдүк бөлүмдөрдүн аталыштары (борбордук аппарат, аймактык же ведомстволук бөлүм, мекеме) | Коррупция тобокелдигине кабылган кызмат орундары | Башка мамлекеттик органдарда коррупциялык тобокелдиктин пайда болушу мүмкүнбү |
1 | ИУАнын муктаждыктары үчүн товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууга тендер өткөрүү жана келишимдерди түзүү | - тендердик комиссиянын мүчөлөрүнүн биринин кызыкчылыгын көздөө; - тендердин катышуучуларынын тендердик комиссиянын мүчөлөрү менен тил табышуу ыктымалдуулугу; - кызыкчылыктардын кагылышуусу (аффилирленгендик); - эки мааниде кабыл алууну же бир компаниянын өнүмүн баяндаган мүнөздөмөнү түзүүгө көмөктөшүүчү бүдөмүк, так эмес мүнөздөмөлөр ж. б. | Кырдаалдык | Жогорку | ИУАнын финансылык пландоо жана мамлекеттик сатып алуулар сектору | - ИУАнын мамлекеттик сатып алууларды жүргүзүү боюнча түзүмдүк бөлүмүнүн сектор башчысы, жетектөөчү адиси; - ИУАнын мамлекеттик сатып алууларды жүргүзүү боюнча комиссия | Бул тобокелдик бардык мамлекеттик органдардын ишине тиешелүү болушу мүмкүн |
2 | ЕЭК Бажы бирлигинин 2019-жылдын 27 ноябрындагы № 130 чечиминин 7.1.11-пунктунун 7.1-пунктчасында белгиленген бажы жеңилдиктерин берүү | - Арыз ээсинин чечимди даярдоо жана кабыл алуу процессинин катышуучулары менен түздөн-түз байланышуу мүмкүнчүлүгү; - кайрылууларды мыйзамда белгиленген максималдуу мөөнөттөрдө кароо | Кырдаалдык | Төмөнкү | ИУАнын инвестицияларды тартуу жана өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр менен иштөө башкармалыгы | Башкармалыктын башчысы, башкы адиси, жетектөөчү адиси, адис | Жок |
3 | Ведомстволук бөлүмдөрдүн ишин текшерүү жүргүзүү | - аныкталган мыйзам бузууларды жашыруу тобокелдиги; - текшерилип жаткан органга/кызматкерге карата “катуу” жана “жумшак” талаптарды колдонуу мүмкүнчүлүгү; - текшерүүлөрдү жана териштирүүлөрдү жүргүзүүдө тил табышууга жол берүү | Кырдаалдык | Ортоӊку | ИУАнын кадр иштери, документтик камыздоо жана аткарууну контролдоо бөлүму | Бөлүм башчысы, башкы адиси, жетектөөчү адиси | Бул тобокелдик бардык мамлекеттик органдардын ишине тиешелүү болушу мүмкүн |
4 | Бош кызмат орундарын ээлөөгө конкурстарды өткөрүү боюнча иштерди уюштуруу | - мамлекеттик кызматка кирүү үчүн мыйзамда каралбаган артыкчылыктарды берүү (протекционизм, үй-бүлөлүк); - персоналды кабыл алууда, дайындоодо, которууда, кызматка көтөрүүдө жана ротациялоодо белгилүү бир адамдын кызыкчылыктарын көздөө; - түзүмдүк бөлүмдөрдүн жетекчилери/ кызматкерлери/конкурстук комиссиянын мүчөлөрү менен сүйлөшүп алуу мүмкүндүгү | Кырдаалдык | Ортоӊку | ИУАнын кадр иштери, документтик камыздоо жана аткарууну контролдоо бөлүму | Бөлүм башчысы, башкы адиси, жетектөөчү адиси | Бул тобокелдик бардык мамлекеттик органдардын ишине тиешелүү болушу мүмкүн |
ИУАнын түзүмдүк бөлүмдөрү жана конкурстук комиссиялар | ИУАнын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери жана кызматкерлери/ИУАнын бош кызмат орундарын ээлөөгө конкурстарды өткөрүү боюнча комиссиянын мүчөлөрү | ||||||
5 | Сот органдарында ИУАнын кызыкчылыктарынын өкүлчүлүгү | - сот процессинин кызыкдар катышуучулары менен тил табышуу мүмкүнчүлүгү; - ИУАнын инвесторлорду укуктук коргоо бөлүмүнүн кызматкерлерине сот процесстерин кийинкиге калтыруу, апелляция берүү жана башкалар боюнча оозеки тапшырмаларды берүү мүмкүнчүлүгү | Кырдаалдык | Төмөнкү | ИУАнын инвесторлорду укуктук коргоо бөлүмү | Бөлүм башчысы, башкы адиси, адис | Бул тобокелдик бардык мамлекеттик органдардын ишине тиешелүү болушу мүмкүн |
6 | КР ТИМ КДга потенциалдуу инвесторлорго инвестициялык виза алууга өтүнүч берүү | - Арыз ээсинин чечимди даярдоо жана кабыл алуу процессинин катышуучулары менен түздөн-түз байланышуу мүмкүнчүлүгү; - кайрылууларды мыйзамда белгиленген максималдуу мөөнөттөрдө кароо | Кырдаалдык | Төмөнкү | ИУАнын инвестицияларды тартуу жана өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр менен иштөө башкармалыгы | Башкармалыктын башчысы, башкы адиси, жетектөөчү адиси, адис | Жок |
7 | Катталган экспортерлор системасын администрациялоону жүзөгө ашыруу (REX), ошондой эле бул системанын маалымат базасында ата мекендик экспортерлорду каттоодо | - Экспортерлорду каттоону жүзөгө ашыруу мүмкүнчүлүгү (каттоо/аракетсиздик) | Кырдаалдык | Төмөнкү | ИУАнын региондорду өнүктүрүү жана экспортту илгерилетүү бөлүмү | Бөлүм башчысы, башкы адиси, жетектөөчү адиси, адис | Жок |
Колдонулган кыскартуулардын тизмеси:
ИУА – Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиги;
ЕЭК – Евразия экономикалык комиссия;
КР ТИМ КД – Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Консулдук департаменти;
REX – Экспортерлорду каттоо.