Редакцияот 06.02.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

ЫРЫС АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Ырыс айыл кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXIII сессиясынын

 

2024-жыл 6-февраль №23/6

 

“Жер тилкелерин муниципалдык менчике алуу жөнүндө”

   

    Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө», «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө» Мыйзамдарын жетекчиликке алып, айыл өкмөтүнүн жерге укукту берүү боюнча комиссиясынын 29.01.2024-жылдагы №2 протоколун негизинде, айыл өкмөтүнүн сунушун депутаттар талкуулап, Ырыс айыл кеңеши

 

Т О К Т О М К Ы Л А Т:

 

1. Күмүш-Азиз айылынын РТС көчөсүндөгү 21,6 м2 жер аянты муниципалдык менчикке бекитилсин.

2. Күмүш-Азиз айылынын РТС көчөсүндөгү 53,9 м2 жер аянты муниципалдык менчикке бекитилсин.

3. Ладан-Кара айылынын Т.Шайдуллаев көчөсүндөгү бош жаткан 57 м2 жер аянты муниципалдык менчикке бекитилсин.

4. Күмүш-Азиз айылындагы “Гуламжан Тешебай угли” мечити жайгашкан 0,04 га  жер аянты муниципалдык менчикке бекитилсин.

5. Сасык-Булак айылындагы Бишкек-Ош автожолунун түндүк тарабында жайгашкан айыл чарбасында жараксыз 0,10 га жер аянты муниципалдык менчикке бекитилсин.

6.  Күмүш-Азиз айылынын 153-контурдагы булак суусу ээлеген 300 м2 жер аянты муниципалдык менчикке бекитилсин.

7. Чымчык-Жар айылынын Т.Сатаров көчөсүнүн күн чыгыш тарабындагы 50 м2 жер аянты муниципалдык менчикке бекитилсин.

8. Чымчык-Жар айылынын А.Абдусатаров көчөсүндөгү айыл чарбасында жараксыз 0,13 га жер аянты муниципалдык менчикке бекитилсин.

9. Чымчык-Жар айылынын А.Абсатаров көчөсүнүн күн батыш тарабындагы 0,13 га жер аянты муниципалдык менчикке бекитилсин.

10. Масадан айылындагы айыл чарбасындагы 0,015 га жер аянты муниципалдык менчикке бекитилсин.

11. Кайнар айылына CASA-1000 долбоору менен курулган суу сактоочу резервуардын жана суу түтүкчөсү кеткен 3650 м2 жер аянты муниципалдык менчикке бекитилсин.

 

12. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жер меселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы М.Мирзаевке милдеттендирилсин.

 

11. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

 

Төраганын орун басары

 

Н.Аширбаева.