КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 15-ноябры № 592
Гидрометеорологиялык ишти жүзөгө ашыруу, Гидрометеорологиялык маалыматты өндүрүүчүлөрдүн мамлекеттик реестрин түзүү жана жүргүзүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын аба-ырайын болжолдоо жана метеорология боюнча кызмат көрсөтүүлөр секторун либералдаштыруу планын ишке ашыруу боюнча Евразия экономикалык бирлигинин алкагында кабыл алынган чечимдерге ылайык келтирүү максатында, "Кыргыз Республикасындагы гидрометеорология иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 51, 15-статьяларына, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Гидрометеорологиялык ишти жүзөгө ашыруу, Гидрометеорологиялык маалыматты өндүрүүчүлөрдүн мамлекеттик реестрин түзүү жана жүргүзүү тартиби жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 20-февралындагы № 103 "Гидрометеорология тармагындагы ыйгарым укуктуу органдын гидрометеорологиялык ишти жүргүзүүсүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.У.Жапаров |