Редакцияот 25.07.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЭҢИЛЧЕК АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИНИН

ТОКТОМ

Эңилчек айылдык аймагынын айылдык кеӊешинин XVIII чакырылышы 10 сессиясы

 

2023-жылдын 25-июлундагы № 11

 

 

Эӊилчек айылдык аймагынын 2023-жылдын бюджетинин

киреше жана чыгаша бөлүктөрүнүн пландык көрсөткүчтөрүнө

өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

 

Эңилчек айылдык аймагынын 2023-жылдын бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрүнүн пландык көрсөткүчтөрүнө өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө финансы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы Айпиева Айдай Исмаиловнанын докладын, «Бюджет, финансы жана экономика» боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы С.Б. Ногоевдин кошумча докладын угуп жана талкуулап, ошондой эле «2023-жылга Кыргыз Республикасынын республикалык бюджети жөнундө» мыйзамын жетекчиликке алып, Эңилчек айылдык аймагынын айылдык Кеӊеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. 2023-жылдын айылдык аймагынын бюджетинин киреше бөлүгүнүн 1.1.1.1.1.1.0.0. кодундагы “Салык агенти төлөгөн киреше салыгы” салык кирешенин пландык көрсөткүчү 200,0 миӊ сомго көбөйтүлсүн.

2. 2023-жылдын айылдык аймагынын бюджетинин “Жарандык коргоо жана өзгөчө кырдаалдар боюнча иш чаралар” 7022 функциянын кодундагы чыгаша бөлүгүнүн 2.2.2.2. “Учурдагы чарбалык максаттар үчүн буюмдарды жана материалдарды алуу” статьясынын пландык көрсөткүчү 200,0 миӊ сомго көбөйтүлсүн.

3. Эңилчек айылдык аймагынын 2023-жылдын бюджеттин кирешелер жана чыгашалар бөлүктөрүнүн пландык көрсөткүчтөрүн толук аткарууга багытталган иш чараларды регулярдуу түрдө ишке ашыруу жагы Эңилчек айылдык аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы  Б.А. Усубакуновго милдеттендирилсин.

4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Эӊилчек айылдык аймагынын айылдык кеӊешинин «Бюджет, финансы жана экономика» боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы С.Б. Ногоевге тапшырылсын.

 

 

Төрага

А.У. Исмаилова