Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 15-ноябры № 596
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-июнундагы № 316 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчысынын жана муниципалдык кызматчысынын өздүк ишин жүргүзүү тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу
Мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин натыйжалуу уюштуруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине жетекчиликке алуу менен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-июнундагы № 316 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчысынын жана муниципалдык кызматчысынын өздүк ишин жүргүзүү тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчысынын жана муниципалдык кызматчысынын өздүк ишин жүргүзүү тартибинде:
- 9-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"9. Кызматчынын өздүк ишине төмөнкүлөр тиркелет:
- кызматчы толтурган жана кол койгон, фотосүрөтү тиркелген, белгиленген формадагы кадрларды эсепке алуу боюнча жеке баракча;
- кесиптик билими, кесиптик кайра даярдоо, квалификациясын жогорулатуу жөнүндө документтердин күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү;
- окумуштуулук даража, окумуштуулук наам ыйгарылгандыгы жөнүндө документтердин күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү (эгерде болсо);
- эмгек китепчесинин күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү;
- аскердик эсепке алуу документинин күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү (аскерге милдеттүүлөр жана аскердик кызматка чакырылууга тийиш адамдар үчүн);
- мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлоо, ардак, аскердик жана атайын наамдарды ыйгаруу, мамлекеттик сыйлыктарды берүү жөнүндө буйруктардын көчүрмөлөрү (эгерде болсо);
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын бош кызмат ордуна дайындоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын буйругунун көчүрмөсү, ротациялоо, иштен бошотуу жөнүндө буйруктардын көчүрмөлөрү, жеке баракчанын кошумча барагы;
- эмгек келишиминин нускасы, ошондой эле эмгек келишимине киргизилген өзгөртүүлөр жана толуктоолор таризделүүчү жазуу жүзүндөгү кошумча макулдашуулардын нускалары (эгерде болсо);
- кызматчыны ээлеген мамлекеттик же муниципалдык кызмат ордунан бошотуу жөнүндө, эмгек келишимин токтотуу тууралуу Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын актысынын көчүрмөсү;
- кызматчыга класстык ченди, наамды ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү;
- кызматчыны сыйлоо, ошондой эле ага тартиптик жаза салуу жөнүндө буйруктун көчүрмөсү (ал алып салынганга же жокко чыгарылганга чейин);
- кызматтык текшерүүнүн башталгандыгы, анын жыйынтыгы жөнүндө, кызматчыны кызматтык териштирүү жүргүзүү мезгилинде ээлеген кызмат ордунан убактылуу четтетүү тууралуу документтердин көчүрмөлөрү;
- жарандын кызматка кирүүгө же аны өтөөгө тоскоол болуучу оорусу жоктугу жөнүндө белгиленген формадагы медициналык корутунду (мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын кароосу боюнча);
- коррупциялык укук бузууларга жол бербөө максатында чектөөлөрдү кабыл алуу жөнүндө кызматчы өзү кол койгон милдеттенме;
- купуя кызматтык маалыматты ачыкка чыгарбоо жөнүндө кызматчы өзү толтурган жана кол койгон милдеттенме;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана башка ченемдик укуктук актыларында каралган башка документтер.
Жогоруда аталган документтердин көчүрмөлөрү документтердин түп нускасы көрсөтүлгөндө персоналды башкаруу кызматы же персоналды башкаруу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу адам тарабынан күбөлөндүрүлөт.
Персоналды башкаруу кызматы же персоналды башкаруу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу адам кызматчылардын жеке маалыматтарын автоматташтырылган маалыматтык системалар аркылуу иштеп чыгат.".
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.У.Жапаров |