КОЧКОРБАЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2023-жылдын 21-декабрындагы № 114/XXVIII-28
“Нур-Наристе” мектепке чейинки билим берүү мекемесинин
балдардын тамактануусун уюштуруу жөнүндө
“Нур-Наристе” мектепке чейинки билим берүү мекемесинин директору А.Н.Абдылдаеванын балдардын тамактануусун уюштуруу жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 11-августундагы №179 «Билим берүү жөнүндө» Мыйзамынын 28-беренесинин 6-пунктун жетекчиликке алып, ошондой эле 2023-жылдын 11-августундагы ата-энелер чогулушунун 2023-жылдын 5-ноябрындагы протоколун эске алып, Кочкорбаев айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Нур-Наристе» балдар билим берүү уюмунда бир баланын тамак-ашына ата-энелердин (мыйзамдуу өкүлдөрүнүн) каражаттарынын эсебинен бир балага бир күн үчүн 100 (жүз) сом өлчөмүндө төлөм бекитилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө “Нур-Наристе” мектепке чейинки билим берүү мекемесинин директору А.Н.Абдылдаевага жүктөлсүн.
Төрага |
| Э. Токбергенов |