ЭҢИЛЧЕК АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИНИН
ТОКТОМ
Эңилчек айылдык аймагынын айылдык кеӊешинин XVIII чакырылышы кезексиз сессиясы
2023-жылдын 11-августундагы № 14
Эӊилчек айылдык аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу муниципалдык үйлөрдү Ак-Суу райондук электр тармактары ишканасы менен ижара келишиминин мөөнөтү бүткөндүгүнө байланыштуу өткөрүп алуу жөнүндө
Эӊилчек айылдык аймагынын айыл өкмөтү жана Ак-Суу райондук электр тармактары ишканасынын ортосундагы 2012-жылдын 11-июнундагы “Эӊилчек айылынын Кыдыр-Аке көчөсүндөгү №1 үйүнүн бир батири жана №3 үйүнүн эки батири он жылдык мөөнөткө ижарага берүү жөнүндө” келишиминин мөөнөтү бүткөндүгү жөнүндө муниципалдык менчик жана кирешелер боюнча адиси Н.Т. Кубатовдун докладын, «Жайыт жана муниципалдык менчик маселелери боюнча» туруктуу комиссиянын төрагасы Орозгазы уулу Жайдардын кошумча докладын угуп жана талкуулап, Эӊилчек айылдык кеӊеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Эӊилчек айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигинде турган Эӊилчек айылынын Кыдыр-Аке көчөсүндөгү № 1 Б, № 3 А жана Б сандуу батирлери Эӊилчек айылдык аймагынын айыл өкмөтүнө өткөрүлүп алынсын.
2. Токтомдун аткарылышы Эӊилчек айылдык аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Б.А. Усубакуновго жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Эӊилчек айылдык аймагынын айылдык кеӊешинин «Жайыт жана муниципалдык менчик маселелери боюнча» туруктуу комиссиянын төрагасы Орозгазы уулу Жайдарга тапшырылсын.
Төрага | А.У. Исмаилова |